Токтогул районундагы №2 Бөкөнбаев орто мектебинде «Манас таануу» интеллектуалдык таймашынын райондук туру өткөрүлүп, ага жалпы 40 мектептин командалары келип катышып күчтөрүн сынашты.

Кыргыз улуттук» Манас» театрынын директорунун орун басары Нурбек Талантбеков, райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Акылбек Тюкебаев, билим берүүнүн жетекчиси Астра Боржуева катышты.
Жылдан жылга Манас таануу интеллектуалдык таймашы өспүрүмдөрдүн тапкычтыгына, ой-жүгүртүүсүнө жана сөз байлыгын кеңейтүүгө жардам берип келе жатат.
Улуттун руханий байлыгы болгон Манас эпосун окуучуларга жеткиликтүү окутууда мугалимдердин салымы чоң. Таймашка ар бир айылдан жаш манасчылары, манасчылар тобу катышып,өз өнөрлөрүн көрсөтүштү.
Таймаштын жыйынтыгы менен,
1-орунга № 32 Бекназар мектебинин ”Аалам” тобу;
2-орунга №39 Жунусалиев мектебинин “Аккула” тобу;
3-орунга №29 Нургазиев мектебинин “Дил азык” тобу ээ болушту.
Жогорку упай алган катышуучуларга сыйлыктар берилип, облустук турга жолдомо тапшырылды.
Даярдаган: Дилде Таалайбекова.