Нарын облусунда акыркы эки жылдан бери дарылык касиети бар эндик чөбүнүн тамырын казып, андан пайда издегендер көбөйдү. Тоолуктар чөптүн тамырын казып жаткандарга нааразы болуп, жайыттарды талкалап жатканын айтышууда.
*Эндик — бул көп жылдык өсүмдүк. Тамыры жоон болуп, тик өсөт. Кызыл боёгу болгондуктан косметикалык каражат катары колдонулат. Кыргызстандын тоолорунда анын үч түрү бар. Азыр казып жаткандар аны чет мамлекетке сатылары айтылып жүрөт.
Жер кыртышы бузулуп жатат…
Ак-Талаа районунун тургуну Зайырбек Шайымовдын айтымында, эндик казгандардын айынан ички жайыт талкаланып, жер кыртышы бузулууда. Мунун айынан жайыттар такыр болуп, чөп жакшы чыкпай жатат.
«Сары-Ой жайлоосу- бул биздин ички жайытыбыз болуп эсептелинет. Бул жерге ар кайсы жактан кишилер келип эле ээн-эркин казып жатышат. Биз каршы болсок, кайра бизди келип коркутушат. Малыбызга дагы чөп жакшы чыкпай жатат. Ошол эндик казгандардын кесирин биз тартып жатабыз», — деди Шайырбек Шайымов.
Эндик тамырын издегендер экологияга ар тараптуу зыян алып келүүдө. Жайыттар ар кайсы жеринен казылганы аз келгенсип, ал жерлерге түрдүү таштандыларды дагы ыргытып кеткендер көп.
«Эндик казгандар унаалары менен келишет. Алар жайыттарды желим таштандыларга толтуруп жатышат. Негизи чөптү дагы казуунун бир убагы болот, ошол учурда казышса кайра чөп өсүп чыкмак да. Булар аны билишпейт, каалаган учурда келип каза беришет. Мунун айынан мал-жандыктарыбыз да арык болуп жатат», — деди ал.
Эндик чөбү кызыл китепке кирген чөптөрдүн катарына кирбейт. Болгону техникалык өсүмдүк катары пайдаланылат. Бирок жайыттын кыртышын бузгандарга 5 500 сом өлчөмүндө айып пул салынат.
Үстүбүздөгү жылдын май айында эле Ак-Талаа районунан анча алыс эмес жерде эндик казып жүргөн он чакты адам кармалып, айыпка жыгылган.
Көмүскө бизнес
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин биоресурстар бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Алина Сейдахматова дары чөптөрдү казуу жана аны пайдалануу лицензия аркылуу гана жүргүзүлөрүн белгиледи.
Анын айтымында, жайыттарда жана коруктарда өскөн өсүмдүктөр мамлекеттин менчиги болуп саналат.
«Негизи мамлекеттин менчигиндеги өсүмдүктөрдү колдонуу өкмөттүн токтомунун негизинде гана уруксат берилет. Ал эми аларды чет өлкөгө чыгаруу үчүн лицензия талап кылынат. Тилекке каршы, бул мыйзамдар тууралуу жергиликтүү калктын маалыматы жокко эсе. Мындан улам, өлкөдө өсүмдүктөрдү мыйзамсыз чогултуу иштери күч алган. Жеке жана юридикалык жактар адамдарды чөптүн тамырын каздырып иштеткени менен эмгек акысын аз төлөп беришет. Бирок, кээ бир өсүмдүктөрдүн базар баасы жогору. Бул маселеде өкмөт дагы калк дагы утулуп жатат», — деди ал.
Кыргызстанда эндик чөбүнүн үч түрү өсөт. Алар: боёчу, угам жана ак эндик болуп бөлүнөт. Алардын ичинен талап жогору жана баасы кымбат бул — боёгуч эндик болуп саналат.
Алина Сейдахматова эндик тамыры контрабандалык жол менен көбүнчө Кытайга сатылып жатканын айтты. Мындай иш-аракетке бөгөт коюу үчүн экология министрлиги Улуттук Илимдер Академиясынын биология институтуна эндик чөбүн чогултууга убактылуу тыюу салып берүүгө сунуш берди.
Нарын районунун Эмгекчил айылынын тургуну Султек Көбөков 40 жылдан ашык убакыттан бери элдик дарыгер болуп, ар кандай чөптөр менен иштейт. Ал көп адамдар чөптөрдү айырмалай албай, көрүнгөн жерден окшоштуруп каза берерин айтат. Анын айтымында эндик чөбүнүн дарылыкка көп касети жок.
«Чөптүн көп түрү менен иштейм. Аларды тоодон казып келип дарыларды жасайм. Бирок дарылыкка касети бар өсүмдүктөрдү казуунун дагы убагы болот. Мисалы көп дары чөптөр эрте жазда казылат. Ошол убакытта алып алам. Андан кийин казганга болбойт. Азыр көбү акчага карап эле каза беришет. Бирок ал убакытта уже анын курамы уулу боло баштайт. Муну көбү билишпейт. Мисалы, ошол эле эндик чөбу дагы кирет. Бул өсүмдүктүн дарылыкка деле көп касиети жок, болгону боёк алынат. Анын курамында уу көбүрөөк. Бирок муну казам деген адамдар жазында гана казыш керек. Антпесе жер кыртышы бузулат», — дейт ал.
Орто Азиядан айырмаланган дары чөптөр
Жанар Алгожоева 26 жылдан бери дары чөптөрдү өстүрүп, андан түрдүү дарыларды жасап келет. Ал Кыргызстанда өскөн дары чөптөр Орто Азия боюнча ар түрдүүлүгү менен айырмаланып, биринчи орунда турарын айтат. Бирок, ошентсе да чанда кездешкен бул өсүмдүктөрдү коргоо солгун болууда. Мунун айынан эндик чөбү жоголуу коркунучунда турат.
«Негизи эндик чөптөрүн тонналап казып, Кытайга жана Кореяга ташып жатышат. Анын тамырын казгандан кийин 11-12 жылда гана калыбына келип, өсүп чыгат. Азыр эндик чөбү жоголуп кетүү коркунучуна келди. Негизи эндикти эрте жазда, же кеч күздө казганда кайра калыбына келет. Туура эмес учурда казышкан үчүн калыбына келиши кыйын болууда», — деди Жанар Алгожоева.
Бизнес жана акча
Ал эми техника илимдеринин кандидаты Бермет Джурукова дары чөптөрдү мыйзамсыз казуунун ордуна аларды өстүрүп бизнеске айлантса болорун айтты. Башкача айтканда, дарылык касиети бар өсүмдүктөрдүн түрүн көбөйтүп ири киреше алууга болот.
«Мен мындан бир нече ай мурун Нарын облусуна барып 1 000 адамды окуттум. Аларга дары чөптөрдүн касиети, өстүрүүнүн жол-жоболорун, кантип пайда тапса болорун үйрөттүм. Анын негизинде айрымдары дары чөптөрдү өздөрүнүн короолорунда өстүрүп жатышат. Маселен, ак ромашка, жалбыз, көкөмерен, эрмен сыяктуу түрлөрүн эгишкен. Эми түшүмүн бергенде дары чыгарган ишканаларга өткөрүшөт. Бул демилге алар үчүн дагы өлкө экономикасы үчүн да жакшы», — деди ал.
Кургатылган чөптөрдү өндүргөн ишкана
Ошол эле учурда Нарын облусунун Ат-Башы районунда эфир майынын экстракттарын кайра иштетүү жана кургатылган чөптөрдү өндүрүү боюнча жаңы ишкана ишке берилди.
Ишкана Жапон өкмөтүнүн жана БУУнун «Азык-түлүк программасынын» «Аз камсыз үй-бүлөлөрдү жумуш менен камсыз кылуу» долбоорунун негизинде ишке ашырылууда.
Жазында Ат-Башы, Нарын жана Ак-Талаа райондорунан миңден ашык аялуу катмардагы адамдар цехти сырье менен камсыз кылуу үчүн дары-дармек өсүмдүктөрүн отургузуунун агротехнологиялары боюнча окууларга катышты. Алар өстүрүп берген чөптөрдү ишкана сатып алат.
Өндүрүштүн жетекчиси Дамира Кампабекова өндүрүлгөн эфир майын дарылыкка жана косметологияга колдонуларын белгиледи. Азыр продукция өндүрүү үчүн сырье топтолуп жатат.
«Биздин негизги максатыбыз айылдардагы жумушсуздук көйгөйүн жоюп, ошол эле учурда экологияга зыян келтирбөө болуп саналат. Азыркы учурда тоодон ар кайсы чөптөрдүн тамырын казып, жер кыртышын бузгандар көп. Ошондойго жол бербеш үчүн башка жолун карап чыктык. Азыр дарылыкка касиети бар чөптөрдү өстүрүп келишсе биз сатып алабыз», — деди ал.
Анын айтымында, фермерлерден келген чөптөр эфир майын алуучу аппараттарга салынып, кайнатылып эфир майы өндүрүлүп чыгат. Ал эми эфир майын алуу өтөө татаал прецессти талап кылат. Май буу же суу менен дистиллиясалоо жолу менен алынат.
Мындан сырткары, ишканада жемиштерден как дагы даярдалат. Ал жаш балдарга шириндик катары сатылат.
Бактыгүл Обукеева Ат-Башы айылында дары чөптөрдү өстүрүп жаткан тургундардын бири. Ал азырынча дарылыкка касиети бар чөптүн бир эле түрүн өстүрүүнү чечкен. Обукеева кийинки жылы башка дагы өсүмдүктөрдү өстүрүүнү пландап жатканын айтат.
«Башында ромашканы айдаганда өспөй калат го деп коркуу сезимдери болгон. Бирок жакшы караса эле өсөт экен. Башында айдап жатканда жер семирткичти биринчи сеппесе чыкпайт экен, аябай назик өсүмдүк. Азыр бизге окуткан боюнча бардык эрежелерге ылайык өстүрүп жатабыз. Буюрса жакшы түшүп бергидей. Быйыл сынап көрөлү деп бир сотык жерге айдадык. Кийинки жылы башка дагы түрлөрүн өстүрөм», — деди Обукеева.
Обукееванын айтымында, бул чөптөрдү Ат-Башы айылына ачылган дары иштетүүчү ишканага өткөрөт. Ал эми чөптү ишканын кызматкерлери өздөрү кургатып алышат.
Келечекте ушул эле чөп-чардан өндүрүлгөн продукция Жапонияга жана башка өлкөлөргө сатылат.
«Бул ишканада өндүрүлгөн дарылар “Бир айыл, бир азык” талаптарына дал келет. Келечекте бул өндүрүмдөрдү эл аралык деңгээлге чыгарып сатууну, анын ичинде Японияга экспортоо каралып жатат. Болжол менен бир жыл аралыгында экспорттолот», — дейт Жапониянын Кыргызстандагы элчиси Маэдо Сигеки.
Дилде Шатанова
Сүрөттүн авторлору: Дилде Шатанова, Алия Калыбекова,Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги.