Кыргызстанда адам сатууга каршы күрөшүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы бекитилген. Ага ылайык, мамлекеттик органдар менен коомдук жана эл аралык уюмдардын кызматташуусун координациялоо аркылуу адам сатуунун курмандыгы болгондорго жардам көрсөтүү ыкмаларын жогорулатуу жана кылмышкерлерди жоопко тартуу каралган. Дал ушул максатта Адам сатууга каршы экинчи улуттук симуляциялык машыгуу өткөрүлүп жатат.
Улуттук симуляциялык машыгуу — бул практикалык көнүгүү. Анда эмгек жана сексуалдык эксплуатация, тилемчилик менен байланышкан кылмыштар профессионалдуу актерлор тарабынан ойнотулуп, алар атайын жасалма сойкукана (притон) жана айыл чарба объектилеринде өткөрүлөт.
Иш-чарага 70тен ашуун адис, анын ичинде Башкы прокуратуранын, ИИМдин, эмгек инспекциясынын, социалдык, миграция кызматынын кызматкери, ошондой эле эл аралык, коомдук уюмдадын өкүлдөрү жана көз карандысыз эксперттер катышууда.
Машыгуунун алкагында катышуучулар иш жүзүндө адам сатуудан жабыркагандарга жардам көрсөтүп, кылмышкерлерге каршы тергөө амалдарын жүргүзүшөт. Көнүгүүнүн аягында катышуучулар эл аралык жана жергиликтүү эксперттер менен биргеликте кемчиликтердин үстөндө иштеп, иш жүзүндө укук коргоо органдарынын, социалдык кызматтардын жана коомдук уюмдардын өз ара аракеттешүүсү жана кызматташтыгы түзүлөт.
Машыгууну өткөрүү үчүн атайын Австриядан чакыртылган тренер Александр Кириленконун айтымында, бул иш-чара Кыргызстанда экинчи ирет өтүп жатат. Европа мамлекеттеринде, Казакстанда Борбордук Азия өлкөлөру катышкан машыгуулар уютурулуп, жыйынтыгында ири кылмышкерлер топтору камакка алынган. Ал эми Кыргызстандын адам сатууга каршы мыйзамдары мыкты, бирок аларды ишке ашырууга убакыт жана тажрыйба керек. Быйылкы машыгуудан кийин уюштуруучулар окутуулардын таасирине байкоо жүргүзүшөт.
КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрдин орун басары Жылдыз Полотова өз сөзүндө бул машыгуунун негизги максаттарынын бири — адистерди даярдоону жакшыртуунун эсебинен адам сатуучуларды жоопко тартууну жана курмандыктар аныкталганда жардам көрсөтүү деп белгиледи.
Машыгуу ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосунда Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Башкы прокуратура, ИИМ, Solidarity Center, International Centre for Migration Policy, INL USD жана башка жарандык коом уюмдарынын тарабынан уюштурулду.
Расмия Казимова, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин жетекчисинин орун басары: Бийлик органдарынын, диний жана жарандык коомдун дараметин арттыруудагы биздин тынымсыз колдообуз Кыргызстанда адам сатууга каршы болгон аракеттерди күчөтөт деп ишенебиз.
Мигранттар менен жумушсуздардын арасында адам сатууга кабылгандар аз эмес. Ал эми коронавирус пандемиясы мындай жарандардын абалын кыйла оорлотуп жиберди. Айрым серепчилердин айтымында, мурун адамдарды сатуу курал-жарак жана банги заттарын сатуудан кийинки кирешелүү бизнес болуп саналса, азыр ал биринчи орунду ээледи.
Бул терс көрүнүш күчөгөнү менен, Кыргызстанда жыл башынан адам сатуу беренеси боюнча 3 гана иш козголгон. ИИМдин Криминалдык милиция 1-чи башкармалыгынын башчысы Марлис Жумабаев, бул кылмыштар латенттик (жашыруун) мүнөздө болушу жана жабыркагандар укук коргоо органдарына ѳз убагында кайрылбаганы териштирүүнү созуп жиберерин айтты. Ал эми симуляциялык машыгуу ведомстволор жана бейѳкмѳт уюмдар менен кызматташууну бекемдеп, тергѳѳ амалдарына салым кошот деп ишендирди.
Бир кылмыш бир канча ѳлкѳдѳ ѳтүшү ыктымал. Мисалы, Кыргызстанда тартуу (вербовкалоо) болуп, транспортировка Туркияда, эксплуатациялоо Грузияда жүргүзүлүшү мүмкүн. Ага жараша мамлекеттер да бѳлүнѳт.
Даректүү мамлекет — аймагында адамдарды сатуунун курмандыктарынын күч-кубатын пайдалануу же аларды мажбурлап эмгекке тартуу жүзөгө ашырылган мамлекет;
Окуя болгон мамлекет — аймагынан сатуунун курмандыктарынан болгон адамдарды алып чыгуу жүзөгө ашырылган, же жарандары адамдарды сатуунун курмандыктары болгон, болбосо аймагында адамдарды сатууну жүзөгө ашырган юридикалык жак иштеген жана (же) катталган, болбосо адамдарды сатууну жаап-жашыруу үчүн кызмат кылган мамлекет;
Транзит мамлекети — аймагы аркылуу адамдарды сатуу боюнча иш-чаралар жүзөгө ашырылуучу мамлекет;
Кыргызстан – даректүү, транзиттик, окуя болгон мамлекет болуп саналат. Өлкөбүздүн аймагында өзбек жарандары эксплуатанцияган учурлар жок эмес. Ушул себептен симуляциялык машыгууда мындай учурлар да ойнотулат. Аны байкап, Кыргызстан менен тажрыйба алмашууга укук коргоо жана коомдун уюмдун өкүлдөрүнөн түзүлгөн өзбекстандан атайын делегация келген.
Делегация мүчөсү «Истикболли Авлод» уюмунун төрайымы Нодира Каримова: «Биз өзбекстанда мындай машыгуу өткөрө элекпиз, азыр үйрөнүп, кийинки жылы өзүбүздө өткөрөбүз деп атабыз. Негизи биз Кыргызстандык бейөкмөт уюмдардагы кесиптештерибиз менен көп жылдар бою кызматтыашып, бири бирибизге жардам берип келебиз. Мындай көйгөй менен тирешүүдө эл аралык кызматташтык чон роль ойнойт».
Тѳмѳнкү сунуштарды эске алыӊыз:
• Эч убакта эч кимге паспортуӊузду калтырбаӊыз,
• Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Тышкы миграция департаментинин Маалымат-консультациялык борборунан консультация алыӊыз (migrant.kg);
• ишенимдүү жана мыйзамдуу/лицензиялуу жумушка орноштуруу агенттиктерине гана кайрылыӊыз;
• документтердин баарын юридикалык жактан жолжоболоштуруӊуз;
• бара жаткан ѳлкѳгѳ кирүү жана ал жакта жүрүү эрежелерин, кошумча маданиятын, жүрүм-турум эрежелери менен таанышып алыӊыз;
• үй-бүлѳӊүз менен туугандарыӊыз кайда, кантип, ким менен жана эмне максатта кетип жатканыӊызды билдирип коюӊуз;
• бара турган ѳлкѳдѳгү Кыргыз Республикасынын элчилигинин, ошондой эле кризистик жагдайларда жардам кѳрсѳтѳ турган коомдук уюмдардын телефондору менен даректерин сѳзсүз жазып алыӊыз;
• жакындарыӊызга паспортуӊуздун кѳчүрмѳсү менен акыркы түшкѳн сүрѳтүӊүздү калтырып коюӊуз. Паспортуӊузду жоготуп же колуӊуздан тарттырып жиберген учурларда колдонуу максатында паспортуӊуздун кѳчүрмѳсүн жаныӊызга алып жүрүӊүз. Ошондой эле керектүү бардык документтерди сканерден ѳткѳрүп, электрондук почтаӊызга сактап койгонуӊуз туура;
• жакындарыӊыз менен кандайдыр бир жаман абалга же кырсыкка туш болгонуӊузду билдире турган сырсѳз же сүйлѳм жѳнүндѳ алдын ала макулдашып алыӊыз;
• жасалма паспорт же виза сыяктуу мыйзамсыз документтерди колдонуп чек арадан ѳтпѳӊүз. Эгер туристтик виза менен барган болсоӊуз, мыйзамсыз иштѳѳ үчүн калбаӊыз;
• түшүнүктүү тилде толук маалымат жазылган келишимди талап кылыӊыз жана мазмуну менен кылдат таанышып чыгыӊыз;
• бара турган ѳлкѳнүн тилинде жардам суроого байланыштуу бир нече сѳз жана сүйлѳмдү жаттап алыӊыз;
• чет мамлекетке чыгардан мурун 1899 же 0800 0000 189 телефону боюнча ТҮЗ БАЙЛАНЫШКА чыгып, консультация алыӊыз.