Адамдарды сатуу курал-жарак жана баңги заттарын сатуу менен катар уюшкан кылмыштуулуктун, өзгөчө анын трансулуттук жагында кирешелүүлүгү боюнча үчүнчү деп эсептелет. Иштин мындай түрү адамдарды ар кандай: эмгектик, сексуалдык эксплуатациялоодон, органдарын алуудан жана башкалардан турат. Адамдарды сатуунун масштабын аныктоо өтө кыйын, анткени ал латенттик (жашыруун) мүнөздө.
Республикадагы татаал социалдык-экономикалык кырдаалга, экономиканын реалдуу секторунун жетишсиз өнүгүшүнө, жумушсуздуктун кыйла жогору деңгээлине байланыштуу Кыргыз Республикасынын көптөгөн жарандары өздөрүнүн турмуштук деңгээлин жакшыртуу үчүн жумуш жана жогорку эмгек акы издеп башка райондорго, шаарларга, өлкөлөргө кетип жатышат.
Көпчүлүк мигранттар чет өлкөдө жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрү, чет өлкөлөрдүн аймагында жүрүү эрежелери жөнүндө жетиштүү маалыматтарга ээ эмес. Мигранттардын укуктук билими төмөндүгүн жана билбестигин пайдаланышып, криминалдык топтор аларды мыйзамсыз миграция жана адамдарды сатуу процессине тартышууда.
Чуй облусунун Ысык-Ата районунда адамдарды сатууга күрөшүү күнүнө карата маалыматтык кампания Невакет жамааттык медиа борбору тарабынан уюштурулду. Жер жерлерде адам сатууну алдын алуу максатында жаштардын арасында түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.

«Бул материал «Демге дем» Медиа борбору» Коомдук фондунун «Адам сатуунун алдын алуу» долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасындагы АКШ Элчилигинин Демократиялык Комиссиясынын каржылык колдоосу менен даярдалган. Бул долбоор Кыргыз Республикасындагы АКШ Элчилиги тарабынан каржыланган. Бул жердеги келтирилген сунуштар, кортундулар жана пикирлер, автордун оюн гана билдирет. АКШ Мамлекеттик департаментинин көз карашына дал келбеши мүмкүн»
Венера Шонкоева