20:00 кийин балдарга көчөгө чыгууга тыйуу салынат. Бул тууралу Бакай-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспектору Санжар Өзүбеков окуучулар менен жолугуушуда маалымдады.
Өзүбеков кесиптеши Нурахим Жусупов менен Ак-Дөбө айылындагы Акчал уулу Дүйшөн атындагы орто мектепте окуучулар үчүн «Кылмыштуулуктун алдын алуу», «Рэкетчилик», «Зордук-зомбулук» деген темаларда лекция өтүштү.
Инспекторлордун айтымында күн баткандан кийин көп кылмыштар болуп, алардын себептеринин бири бул ата-энесинин кароосу жок түнкү он эки, бирге чейин көчөдө жүргөндүгү.
«Кечки саат 20:00 дөн кийин көчөгө ата-энеңердин көзөмөлү жок эч жакка чыкпашыңар керек. Кыздарды уурдап кетип, зордук-зомбулуктун ар кайсы түрлөрү болуп жатканын көрүп, угуп жатасыңар. Эгерде кылмыш кылып бизге түшө турган болсоңор, мектеп учётуна алынасыңар», — деп инспекторлор иш чараны жыйынтыкташты.