27-28-сентрябрь Талас шаарында атайын «Бүткүл Дүйнөлүк жүрөк күнүнө» карата уюштурулган акысыз акция болуп өттү. Иш чараны Талас облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун адистери уюштурду.

Эки күн ичинде шаар тургундары медициналык борбордун биринчи кабатында жана “Азия” соода борборунда кан басымын, кандагы глюкозанын деңгээлин, боюн жана салмагын акысыз текшере алды. Бул тууралу аталган медициналык борбордун кызматкери Гүлбара Карабаева “Талас ФМ” жааматтык радионун кабарчысына билдирди.

Анын айтымында күнүмдүк жашоодо адамдар өз ден соолугуна көңүл бурбай, оруулары өрчүп калганда гана келээрин айтып, мындай акция учурунда орууларды алдын алууга болор экенин белгиледи.

“Азыр эле бул жерден кан басымы эки жүзгө көтөрүлүп турган эжени аныктадык. Ошондой көрсөткүч менен дүкөн аралап жүрөт. Ал ден соолукка абдан кооптуу. Ага кеңеш берип, үйүнө жөнөттүк”, – деди Гүлбара Карабаева.

Акциянын катышуучусу 62 жаштагы Динар Акчалова: “Мага бул иш чара абдан жакты, негизи бизге мындай акциялар керек. Элдер абдан көп. Өзүм деле сахарымды көптөн бери текшертпей жүргөм. Текшерип жакшы экен деп айтты, болгону ашыкча салмак бар экен. Ал боюнча кеңештерин айтып, жашылча жемиштерди көбүрөөк же деп сунушташты”.
Эки күн ичинде адистерден эки миңге жакын адам консультация ала алды.