Жайдын келишине саналуу эле күндөр калды. Күн ысыганда “жайкы оорулар”күчөп баштайт. Алар кайсылар? Кантип өзүбүзгө кам көрөбүз?
Ысык мезгил жүрөк-кан тамыр системасынын ишинин табигый потенциализациясы менен мүнөздөлөт. Зат алмашуу процесстеринин тездетилишине байланыштуу жүрөктүн кагуусу күчөйт. Жайында организм сууну тезирээк жоготот. Бул кандын коюуланышына алып келет жана жүрөк булчуңунун иштөөсүн күчөтөт.
Бул жагымсыз окуялардын алдын алуу үчүн сууну кобүрөөк ичүү сунушталат.
Ысык мезгилде даяр тамак-ашты керектөөнүн мөөнөтү бир топ кыскарат. Ошондуктан жайкы тамак-аштан уулануу көп кезгишет. Ошондуктан ишеничтүү жерлерден гана тамактануу сунушталат. Эгер сиз ууланып калсас, созсүз доктурга кайрылуу керек.
Эң башкы себеби – мээнин кан тамырларында кан басымынын кескин өзгөрүшү. Жайында тердөө бир топ күчөйт. Тердин бетинен буулануу процессинде организм табигый түрдө муздайт. Бирок суюктуктун жетишсиздиги болгон учурларда, айрыкча күнгө узакка туруу менен айкалышып, кандын уюшу жана кан басымынын кескин төмөндөшү пайда болот.
Ошол эле учурда кескин жалпы алсыздык, жүрөк айлануу жана баш айлануу менен бирге, эсин жоготуу да байкалышы мүмкүн.
Мындай көрүнүштө тез көлөкө, салкын жерге өтүү сунушталат жана сөзсүз дарыгерге кайрылуу керек.
Жайкы мезгилде сиздин кандай ооруңуз күчөйт жана андан кандай коргонууну сунуштайсыз?
Айгуль Сакеева