Кочкор районундагы Чолпон айылынын №6 «Чолпон» ҮДТнун ооруканасында гепатит оорусуна каршы эмдөө жүргүзүлдү.
Ден соолугубуздун сактыгы үчүн биз дайыма дарыгерлерге барып эмделип турабыз. Узак сак саламатта жашоо үчүн дарыгердин айткандарын кылып, убак убагы менен эмделишибиз шарт.
Чолпон айылын №6 үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун медайымы Айзада Касымова эмдөө боюнча маалымат берди:
«Бүгүнкү күндө гепатиттин В түрүндөгү оорусу күчөп жатат. Айрыкча биздин республикада көбүрөөк кездешип, эмдөө жүрүүдө. Гепатит Внын вакцинасын алуу үчүн биринчи кабыл алуу бөлүмүнө келип, кан басымын өлчөп, таразага түшүп, боюн ченеп текшерилип, лабораторияга жөнөтүлөт. Лабораториядан тест тапшырат. Эгер тесттин жыйынтыгы жакшы чыкса вакцина сайууга уруксат берилет. Вакцина 3 жол менен сайылат. Биринчи ошол күнү сайылып, экинчиси 1 айдан кийин, үчүнчүсү 5 айдан кийин сайылат.
Гепатит оорусу- боордун жабыркашы. Адамдарга жукканда билинбей жүрө берип, өтүп кетишет. Кыргызстандын 80% билинбей өтүп кеткенине байланыштуу бул вакцинаны жасоого туура келди. Азыркы тапта 60 адам тест тапшырды. Ушуну бүтүрсөк кайра 23 жаштан 65 жашка чейинки адамдарга эмдөө жүргүзөбүз».
Кусейин Марат уулу