Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылындагы №43 кесиптик лицейде «Ден соолукту спорт менен чыңдайлы» деген ураандын алдында, Манас айылындагы Атбашы мектеп-гимназиясынын окуучулары арасында волейбол оюну уюштурулду. Мындан кийин жаш муундарды адептүүлүк жана достук, ынтымак мамилелерин жогорулатуу максатында спорттук оюндар байма бай болуп турмакчы. Бул демилгени №43 кесиптик лицейдин директору Бакыт Темиралиев, дене тарбия мугалимдери менен биргеликте ишке ашырууда. Манас айылында жайгашкан Атбашы мектеп-гимназиясынын окуучулары №43 кесиптик лицейге келип, кызыуктуу оюн көргөзүштү. Жыйынтыгында кыздар арасындагы командалардан Атбашы мектеп-гимназиясынын кыздары утушка ээ болуп, ал эми эркек балдар арасында, кесиптик лицейдин балдары утушка жетишти. Жаш муундарды спортко кызыктырган эки мекеменин дене тарбия мугалимдери, кийинки оюнду Манас айылындагы мектеп-гимназиясында уюштурууну пландашты.
Мындай иш чараны улантуу менен жаш муундардын достук ынтымак мамилелерин чыңдоо катары кийинки кезекте Манас айылындагы Атбашы мектеп-гимназиясына барууга даярдануу максаты көздөлдү. №43 кесиптик лицейдин директорунун атынан, жаштарды спортко кызыктырган дене тарбия мугалимдерине ыраазычылык каттар берилди. Ал эми оюндун негизги максаты окуучуларды маданий массалык иштерге тартуу, спортко кызыкчылыктарын жандандыруу болуп саналды.
Дене тарбия мугалимдеринин “Ден соолукту спорт менен чындайлы” ураан алдында уюштурулган иш чара өз максатына жетти.
Турсун Омуралиева