29 -сентябрь Бүткүл Дүйнөлүк жүрөк күнү. Бул майрамга караштуу Талас шаарындагы кардиология бөлүмү оңдоо иштеринен кийин кайра эшиктерин ачып, акция жарыялады.
Бул тууралу Талас облустук Медицина борборунун ден соолукту чыңдоо кабинетинин адиси Гулбара Карабаева билдирди.
“29-сентябрда Ч. Айтматов көчөсүндө жайгашкан “эски төрөт үйүндө” биздин кардиологдордон акысыз ЭКГ, жүрөк тартып, консультация алып кетүүгө чакырабыз”.

Бул акысыз иш чарага Талас облусунун баардык жашоочулары жана каалоочулары келип катышса болот.