Сокулук районуна караштуу, Жаңы-Жер айылындагы №43 кесиптик лицейдин «Ашпозчу-кондитер» кесибинин болочоктогу адистери өндүрүштүк практикалык сабакта торттордун түрлөрүн көргөзө алышты. Кондитердик ашпозчулар кулинардык шедеврлердин келечектеги жаратуучусу. Бул кесипти каалаган адам тез эле өздөштүрө алат. Ийгиликке жетүү үчүн көп эмгек, аракет керек болот. Ал эми №43 кесиптик лицейдин окуучуларынын колдорунан жасалган тортторго өндүрүштүк окутуунун устаттарынын көп эмгеги жумшалды.
«Ашпозчу-кондитер кесиби» дүйнөдөгү суроо талап көп болгон кесиптердин бири. Өзгөчө кондитер кесиби ар дайым бардык жерде актуалдуу. Кандай болгон күндө да адамдар күн сайын даамдуу жана коопсуз тамак жегиси келет.
№43 кесиптик лицейдин окуучулары ашпозчу-кондитер болуш үчүн талыкпаган эмгек менен ар дайым өзүн-өзү өркүндөтүү керек экендигин практикалык сабак учурунда түшүнүүдө. Кондитер болуу бул чыныгы каалооң менен ачылган талант. Ар дайым бул иште изденип, жаңы көндүмдөргө ээ болуу, дүйнө элдеринин ашканасынын тарыхын изилдөө, иш-чараларга баруу, адамдар менен жолугушуу керек. Ал эми ашпозчунун орточо эмгек акысы иштеген жерине жана ошол аймакка жараша болууда.
Турсун Омуралиева