Балаңыз окууга шыктанбай, агрессивдүү жүрүм-турумун көргөзүп жаткан болсо ага сүйүү, ишеним, көңүл буруу жетишпей жатышы мүмкүн. Мектепте мугалимдин болгон энергиясы анын бул аракеттери менен күрөшүүгө кетип калбаш керек. Сапаттуу билим берүүнү талап кылуу менен бирге баладагы билим алуу көндүмдөрү калыптандыруу ата-эненин жоопкерчилиги.
Мугалим, “Ата-энелер мектеби” онлайн курсунун куратору Гүлсара Мадаминова өзү шыктанбаган адам башкаларды шыктандыра албарын белгилейт. Бул жерде ата-эне, мугалимдер дагы бул нерсенин үстүнөн иштеши керек. Башкача айтканда, китеп окууну, жакшы сапаттардын чыныгы үлгүсүн балага көрсөтпөсө ал аны жасабайт. Бала мектепке бараткандагы максаттарын так билиш керек. Ага билимдин баалуулугу туурасында ар дайым айтып туруу маанилүү. Мугалимди уга билүүнү үйрөтүү керек. Мугалим албетте, билим берет ошону бала кабыл ала алабы алгач балада билим алуу көндүмдөрүн калыптандыруу зарыл. Кененирээк аудиодон угуңуз.
Айгерим Кубатбекова