Чүй облусунун Жаңы-Жер айылындагы Б.С. Шаршенбаев атындагы №43 кесиптик лицейинин окуучулары Кайтаруу жана күзөтүү Департаментинин 10-ротасында «Ачык эшик» долбоорунун алкагында жолугушуу өткөрүштү. Ротанын өздүк курамы курал жана куралсыз саптык ыкмаларын лицей окуучулары үчүн көрсөтүштү. Кесиптик лицейдин окуучуларына жоокерлердин жатаканасын, сабак өтүү жана тамактануучу жайлар менен рота саркеринин орун басары тааныштырды.
Кесиптик лицейдин окуучуларына, аскерге чейинки даярдык сабагынын мугалими Узакбай Исмаилов Ата-Мекенди сүйүү- атуулдук милдет экендигин таанытуу максатында Кайтаруу жана күзөтүү Департаментинин 10-ротасында алып барды. Келечектеги Ата-Мекен коргоочулары үчүн жоокерлер кызматтык күндөрү менен тааныштырышты.
№43 кесиптик лицейдин директору Бакыт Темиралиев: «Аскерге чакырылууга чейинки даярдык сабагы бул — аскердик — патриоттук тарбия, келечекте мекенге кызмат өтөөчүлөрдүн саламаттыгын чыңдоо чаралары, спорттук, дене-тарбия даярдыгы, тийиштүү программа боюнча башталгыч аскердик аракеттер болушу керек. Биздин кесиптик лицейдин аскерге чейинки курактагы уландарына өтө таасир берүүчү жолугушууга уруксат берген, департамент башчысы Жанузаков Адилет мырзага жана жылуу маанай менен тосуп алган 10-ротанын саркерлерине жана жоокерлерине терең ыраазычылыгын билдиремин»
Турсун Омуралиева