Төрөттүн күнүн этек кир менен эсептебестен 7-9 жумасында УЗИде аныктаган туура. Ушул учурда туура саналган болот. Кыргызстан акушер-гинекологдор ассоциациясынын президенти, профессор Арсен Аскеров кош бойлуу кезде тамактануунунун көлөмүн эмес, сапатын жакшыртуу керектигин дагы айтат.
Эмне үчүн кесарево жолу менен төрөгөндөрдүн саны өсүп жатат?
— Бул эң алгач эненин жана ымыркайды сактап калуу үчүн. Мурун балдардын салмагы азыраак болчу дем алуусу тезирээк жетилчү, мисалы 37 жумада төрөлсө деле жакшы дем алып кетчү. Азыр балдардын энедеги ферментативдик жетишсиздикти өзүнө алып калган учурлары көбөйдү, 9 ай болсо дагы өпкөсүнүн жетишсиздиги бышпаганы көп болуп жатат. Ошондой эле тон оорулары көбөйдү. Анын кесепетинен боор, бөйрөк иштебей кан басым көтөрүлгөн учурлар болуп жатат. Киндиктин ичкерүүсү көп кездешип жатат. Кан тамырлар киндик аркылуу өткөндүктөн ал кош бойлуу учурда кысылбай эле азык бере берет баланын жүрөгү өзгөрбөйт. Ал эми төрөт учурунда киндик ичкерип, клапандар туура эмес иштегенден ымыркайдын жүрөгүнүн иштеши начарлап аны кесарово жолу менен сактап калууга туура келет.
Мурда төрөттө жатын моюнчалар схемалар бат-бат жеңил болчу. Азыр дүйнө жүзү боюнча эмне себептен улам экени белгисиз изилденип жатат жатын моюнчалар кеч, акырын ачылып жатат, толгоолор акырын, алсыз болуп баштады. Өзгөрүүлөр таасирин тийгизип жатат окшойт. Боюнан түшүп калуу, тукумсуздук дагы көбүрөөк болууда.
Тондун оорусу, кан басымдын жогорулоосу буттардын шишип кетиши Ысык-Көл облусунда көбүрөөк кездешип жатат
— Адамдардын саны аз болгонуна карабай Көлдө бул оорулар көп кездешет. Себеби генетикалык жактан берилип, алдына алуу болбогондуктан ал жакта көбөйүп кетти. Деги эле төрөт учурундагы тобокелчиликтерди азайтуу, ымыркайдын эненин саламаттыгы жакшы болуусу үчүн кош бойлуулукту пландаштыруу ага кам көрүү маанилүү.
Эрте жашта же жаш өтүп баратканда кош бойлуу болуу болгону жаткандар, өнөкөт оорулары бар же жоктугун текшерип эгер бар болсо аларды даарылап дарыгердин көзөмөлүнөн өтүүсү зарыл. Ошондой эле экинчи ирет турмуш куруп жаткандар дагы кош бойлуулукту пландап жатканда сөзсүз дарыгердин көзөмөлүнөн өтүүсү керек.
Ата-эне болууга даярдануу тобокелчиликтерди азайтат
Дарыгер: Ымыркайдын жынысы аялдан көз каранды болбойт
Кош бойлуу учурдагы 8 тобекел факторлору
Айгерим Кубатбекова