Аялдардагы кош бойлуу учур алардын ден-соолугу абдан маанилүү. Себеби, дени сак ата-энеден дени сак бала жаралат. Терапевт Эльвира Жылдызбекова кош бойлуу учурда болочоктогу апаларга үй-бүлө тарабынан колдоо маанилүү экенине токтолуп, аялдардын саламатты, боюнда бар кезде эске алчу жагдайлар туурасында айтып берет.
Эне дени сак болуу үчүн эмне кылуу керек?
-Болочоктогу эненин психологиялык жактан, физикалык жактан дагы дени сак болушу балага чоң таасирин тийгизет. Болочоктогу ата-энелер кош бойлу кезде гана эмес жаш кезинен тарта ден-соолугуна көңүл буруш керек. Себеби кыздар келечектеги эне алар келечек муундарды жаратат. Андыктан болочоктогу ата-эненин ден-соолугу мыкты болсо, балдардын дагы ден сак болот. Жаштар көп учурда аба ырайына көп көңүл бурбай жеңил кийинип жүрүшөт. Муздакта бутту жылуу кармоо абдан маанилүү. Көп оорулар буттан суук өткөндөн келип чыгат. Ошондой эле кичине кезинен тарта кандайдыр бир илдеттери бар болсо ага көңүл буруп убагында даарылоо зарыл
Кош бойлуу болгонго чейин эмнелерди жасаш керек?
— Эң алгач кош бойлуулукту пландоо зарыл. Болочоктогу баланын ата-энесинин ден сакпы, кандайдыр бир оорулары болсо даарыланып, текшерүүдөн өткөндөн кийин гана бойдо буткөнү жакшы. Бул ата-энеге дагы баланын киийнки жашоосу үчүн дагы жеңил болот. Ден-соолукта баары жайында болсо дарыгер кош бойлуулукту колдоочу витаминдерди жазып берет.
Кош бойлу учурда болочоктогу апа өзүн кандай алып жүрүшү керек?
— Кош бойлуу учурда аял өзүн өтө этиятта алып жүрүүсү керек. Анткени бул учурда өзүнө гана эмес эки кишиге жооптуу. Аял өзүн канчалык жакшы караса түйүлдүктүн дагы өсүп чоңоюсу жакшы болот. Дарыгер кандай дары-дармектерди жазып берсе аларды убагында ичип, кайсы мезгилдерде келиип көзөмөлдөн өтүү керек болсо убагында барып туруу зарыл.
Кош бойлуу учурда кандай коркунучтуу факторлор бар жана андан сактоо жолдору
1)Баштын оорусу, баш айлануусу, журок айланып кусуусу
2)Бетиниин, буту-колунун шисуусу, зааранын аз чыгуусу
3)Боюнда бар учурунда этек киринин келиши
4)Ичинин катуу болуп туюлушу, мөөнөтүнөн мурда толгоо
5)Эрте эле амниотикалык суюктуктун жарылышы
6)Туруктуу кычышуу
7)Боюндагы баланын жай кыймылдашы
8)Дене табынын аябай жогорулашы, журоктун лакылдап согушу, энтигуу
Эгерде сиздин башыңыз ооруп жатса биринчи анын себебин аныктаңыз. Себебин билгенден киийн аны айыктыруу жеңил. Кош бойлу учурда аялдар эмоционалдык жактан туруксуз болушат. Андыктан үй-бүлө колдоо көрсөтүп жагымдуу абал түзгөнгө аракет кылуу зарыл.
Бул материалдарды дагы окуп көрүңүз:
Дарыгер: Ымыркайдын жынысы аялдан көз каранды болбойт
Төрөт учурунда моралдык-психологиялык абал чоң роль ойнойт
Ымыркайдын тамагына бир жашка чейин туз жана шекер кошпоо керек
Айгерим Кубатбекова