Үй-бүлөдөгү жубайлардын мамилеси кандай болушу керек? Туура мамиле деген эмне? Канткенде мамилебизди жакшырта алабыз? Бул суроолорго жооп берүү үчүн “Кыргызча психология” долбоорунун командасы тарабынан даярдалган туура мамиленин 14 жалпы белгилерин сунуштайбыз.
Адамдар бири-бирине окшош боло албайт, үй-бүлө куруу менен жубайлар бири-биринин жеке сапаттарын кабыл алып, баалап бактылуу жашоо үчүн бирге аракет кылышат. Акылдуу түгөйлөр мамилени жакшыртуу үчүн мүнөзүн, табитин жана күнүмдүк жашоо тиричилигиндеги айырмачылыктарды активдүү пайдаланышат. Алар бири-биринин ар кандай жөндөмдүүлүктөрү бар экенин билишет, бири-бирин толуктап, команда катары өз-ара аракеттешишет.
Эгерде үй-бүлөдө зордук–зомбулук жок болсо, анда талкуу ишке ашып турат. Талкуу — эркек менен аялдын мамилесинин жакшыруусуна жакшы өбөлгө түзүп, бири-бирин угуу, убакыт берүү, сезимдери менен бөлүшүү ж.б. түшүндүрөт. Эгерде жубайлар пайда болгон көйгөйлөрдү талкуулашпаса, анда эки тарап тең сезимдерин, каалоолорун бири-бирине жеткире албай, бир тараптуу чечим чыгарышат. Бул тең салмактуу мамиле эмес жана узак мөөнөттүү келечекте терс кесепеттерге алып келиши мүмкүн.
Мамиледе кыйынчылыктар болуп турат, бул жашоодо биригүүнү, жалпы кыялдарга жетүү үчүн чогуу күрөшүүнү жана керек болгондо бири-бирине жардам берүүнү билдирет.
Эч ким идеалдуу эмес, мына ошого ылайык бирге жашоо менен жубайлар бири-биринин кемчиликтерин биле башташат. Бул табигый көрүнүш жана мамиленин туруктуу болушу үчүн абдан маанилүү. Эгерде биз өзүбүзгө окшобогон (окшош) кемчиликсиз адам менен мамилени курууга аракет кылсак, анда ишенимдүү мамилени эч качан кура албайбыз. Өзүбүздүн идеалдуу эмес экенибизди жана түгөйүбүздүн кемчиликсиз экенин түшүнүшүбүз зарыл, мына ушуларды эске алуу мамилени жакшыртуунун бирден бир ачкычы.
Натыйжалуу баарлашуу ар кандай бактылуу мамиленин пайдубалы болуп саналат жана мындай мамиледе — канааттануу тууралуу баарлашуу, жубайлардын жалпы бактысы үчүн абдан маанилүү. Ушул себептен улам, жыныстык катнаш жөнүндө сүйлөшүү кадыресе көрүнүш катары кабыл алынышы керек жана эки тарап тең башка бирөөнүн реакциясынан коркпостон же уялбастан өз табитин, каалоосун жана фантазиясын эркин билдириши керек.
Жетилген, ишенимдүү түгөйлөрдө сөз менен гана чектелбестен, жанында туруп, жылуу мамиле кылуу маанилүү. Түгөйүнүн жакшы экенин далилдөө үчүн эч нерсе айтпастан, унчукпай өнөктөшү менен болуу дем берүүчү жана баалуу белги болуп саналат.
Эгерде сиз “туура” адам менен болсоңуз, анда кийимиңизди, досторуңузду, табитиңизди өзгөртүүгө умтулбайсыз. Өзүңүздүн кыялдарыңызды, бош убакытта жактырган нерсе менен алек болууну жеке максаттарыңызды ишке ашырууну уланта бересиз жана бири-бириңиз үчүн, өзүңөрдү курмандыкка чалуунун кажети жок экенин билесиз.
Сиз командасыз, бирок эки башка адамсыз, бири-бириңиздин жеке жашооңузду урматтоого укугуңуз бар. Мисалы, жубайыңыздын уюлдук телефонун кароо жана анын социалдык тармактарын текшербеш керек. Жакын адамыңыз сиз менен болбосо, анын эмне кылуу керек экенин, убакытты кандай жана кимдер менен өткөрүү керек экенин таңуулабайсыз. Бул бир нерсени жарышуу эмес, жөн гана жеке чекти сыйлоонун белгиси.
Ишеним болбосо, туура мамиле болбойт. Эгерде сиз ишенбесеңиз, анда мамиле туруктуу эмес, анткени жубайыңыздын сиз менен жүргөндө (кимди карап койдуң?) же достору менен убакыт өткөргөндө (ким менен сүйлөштүң?!) дагы шек саноо болуп турат. Эгерде, ал кеч же эрте иштейт экенин билдирсе, сиз күмөн санап, анын айтканын эч качан кабыл албайсыз. Мына булардын баары ишенбестиктин белгиси!
Баарыбыздын башыбыздан өткөн (никеге чейин) күндөр бар жана алар жашообузда маанилүү болгон адамдарды камтыйт. Үй-бүлөлүк мамиледе эки тарап тең никеге чейинки жашоолорун түшүнүү менен кабыл алышы зарыл. Өткөн жашоо ката эмес, ал тажрыйба деп таанылат. Жубайыңыздын мурунку жашоосун сындап, жемелеп, кайра-кайра эске салуу эмоционалдык абалды башкара албоо мүмкүнчүлүктөрдүн жоктугун көрсөтөт. Туура мамиледе өткөндү урматташат жана учур чакта жашагандын чындап мааниси бар экенин аңдап билишет.
Биз чындап сүйсөк, ал адамдын ийгиликке жеткенин көргүбүз келет. Анын жолунда тоскоолдуктар болбош үчүн, колдон келген аракетибизди жумшайбыз. Анын ийгилигине чын дилден кубанып, дайыма колдоо жана көмөк көрсөтүп турабыз.
Бири-бирин сүйүп калганда, эки тараптын тең бактылуу болушу үчүн, алар бирдей аракет жумшоосу зарыл. Бирок, убакыттын өтүшү менен бул аракет “оюнду” утуп алдык деген жалган сезимдин айынан азашыйышы ыктымал. Туура мамилени сактоо эмгекти жана дайыма көңүл бурууну талап кылат.
Жубайлар үй-бүлөлүк финансы, мамиленин келечеги, ата-эне болуу, туугандар менен болгон мамиле сыяктуу сезимтал көйгөйлөр жөнүндө сөз кылышат. Бирок кээ бир учурларда башка бирөөнүн реакциясынан коркуп (жубайынын, ата-энесинин, туугандарынын), тыюу салынган көйгөйлөрдөн оолак болуу менен, маанилүү сезимдерди басышат “баары жакшы”, “ачууланбашым”, “таарынбашым” керек деген жалган сезимдерге туш келишет. Бул көйгөйлөр тууралуу айтпаганда, тааныбаганда аларды чечүү мүмкүн эмес жана мамиленин келечеги үчүн терс таасир этиши толук ыктымал.
Эч ким сиздин мүнөзүңүздү өзгөртүүгө аракет кылбашы керек, бирок “туура” мамиледе жубайыныз сиздин күчтүү сапаттарыңыздын, көмүскөдө калган мүмкүнчүлүктөрүңүздүн, жөндөмдүүлүктөрүңүздүн ачылышына жана өнүгүшүнө түрткү берет. Мына ошондо, сиз өзүңүздүн мыкты версияңыз боло аласыз.
Психолог: Жаш жубайларга өзүнчө жашоого мүмкүнчүлүк берген жакшы
Төрөт учурунда моралдык-психологиялык абал чоң роль ойнойт
Сиз өз жеке чегиңизди коргой аласызбы?
Айгерим Кубатбекова