Германия Эл Аралык кызматташтыгынын (GIZ) колдоосу менен “Укмуштуу турларда коопсуздук жана тобокелдиктерди башкаруу” деген темада тренинг уюштурулду.
Сабактын башталышы
Саякат уюштуруучу (Экскурсовод) группасынын мугалим устаты Айнура Аскарова
Айнура Аскарова:
“Германия Эл аралык кызматташтыгы 15-кесиптик лицейинин туризм группасынын студенттерин жана повар группасынын студенттерин окутуучу устаттары менен кошо тренингге чакырды. Бизге ал жактан эки күндүк тур, окуу жарыялашкан. Гиддерди кандай даярдап алып чыгуу деген темада сабак өтүштү. Гиддердин туристтер менен иштеп жатканда милдеттери көп, ошолорду үйрөттү жана алардын кыла турган жумуштарын биз окуучуларыбыз менен бирге үйрөндүк. Алардын максаты мугалим устаттарга окууну үйрөтүп, алар окуучуларына үйрөтүп келечекте эң мыкты деген гиддерди даярдап чыгуу. Андан тышкары, поварларга талаа шартында туура тамак жасоону көрсөтүп беришти”.
Саякат уюштуруучу (экскурсовод) группасынын студенти Бексултан Жамбул уулу
Бексултан Жамбул уулу:
“Биз Көл-Үкөккө “гиддерди окутуу” практикасы боюнча барганбыз. Ал жактан көп нерселерди үйрөнө алдык. Гидге тиешелүү этикадан баштап, туристерди кандай алып жүрүүнү аларга кандай мамиле кылабыз ошолорду үйрөнүп келдик. Эки күндүн ичинде аябай жакшы сабак болду, кызыгуубуз арты. Биздин туризм группасынан 15 студент жана повар группасынан 5 студент мугалимдербиз менен бардык”.
Повар мугалим устаты Кенже Бегаалы кызы, студенти Таалайбек Темиров тамак даярдоо учуру
Саякат учуру
Кечки Көл-Үкөк
Көл-Үкөк жолундагы Жүрөк көлү
Көл-Үкөк
Саякаттын соңу
Медина Турдубекова, Төлөн Токтосунова