Балага 7 жашка чейин ар бир куракта туура багыт берилген болсо психологиялык, эмоционалдык жактан өсүп жетилет. Жөнөкөй эле баланы эртең менен мектепке жакшы маанайда узатып, келгенде жыймайып тозуп алуу канчалык маанилүү экенини психолог Жамила Хаитова айтып берет.
Ата-эненин абалы, үй-бүлөдөгү атмосфера балага өтө чоң таасир этет
— Ата-эненин абалы дегенде көп учурда апанын ички дүйнөсү, бала жөнүндө кандай ойдо болуп жатат. Апанын абалы тынчпы же ичинде уйгу-туйгу болуп жатабы, ичинде кыжырдануу, таарыныч, ыза, кайгы барбы.Ошондой эле эс албай жатса кечке жумушта жүрүп баласына көңүл бурууга убактысы жетпей жатышы деги эле апанын ичинде тынчтык орнобосо ошол үй-бүлөдөгү абал дагы буга байланыштуу болот.
Балага ашыкча сүйүүнүн кереги жок
— Балага андай деле сүйүүнүн кажети жок. Ага болгону ата-энен ортосундагы сүйүү, бири-бирине болгон урмат сый болсо эле болду. Бала ошол сүйүүдө балкып өсө берет. Негизи эле бала жаратылганда таза, аруу болуп сүйүүдөн жаралат. Ошондуктан дагы биз аны жакшы көрөбүз. Эгер бала уруш-талаш, жаңжал чыгып турган ата-энесинин ортосунда ынтымак, сый урмат жок үй-бүлөдө өсүп чоңойсо кийинки турмушта, коомго аралашуусу оор болот. Башкача айтканда оорукчан балдарды өстүрүп чыккан болобуз.
Баланын деңгээлине түшө билүү зарыл
— Бизди деле башка планетага алып барып салса кандай болобуз? Бала башка планетадан жер деген планетага келгендей түшүнүп, кабылдашыбыш керек. Ал биринчи жолу келди эми бул жак менен таанышып, аңдап баштайт. Аны бул жер менен тааныштырып, туура жол, багыт көрсөтүшүбүз зарыл. Биз көп учурда аларды өзүбүзгө теңдеп алабыз. Жок, биз баланын деңгээлине түшө билишибиз керек.
Бала 3 жашка келгенде бардыгын өзү жасап көрүүгө кызыгып баштайт. Буга биз мүмкүндүк беришибиз керек. Шашып жатсаңыз да өзү кийингенге, тамак жегенге шарт түзүп бериңиз. Бала менен чоң кишидей эле сүйлөшүү керек. Балага тандоо берүү дагы маанилүү. Муну дагы алмаштырып албоо зарыл анткени бала толук кайсы жакшы, жаман дегенди айырмалай албайт. Андыктан ата-эненин тандоосунун негизинде балага тандоо жасатса болот. Бул ага ишеним берет.
Баланы режимге көндүрүү зарыл
— Баланы өз убагында уктатыш керек. Убагында уктап эс алган бала эртең менен дагы жакшы ойгонот. Уйку бул абдан маанилүү. Туура уктаган баланын кабыл алуусу, өсүп-өнүгүүсү, физиологиялык абалы ден-соолугу дагы жакшы болот. Баланы тактыкка, тазалыкка жакшы адаттарга кичине кезинен көндүргөн жакшы. Сабакка барарда сөзсүз эртең мененки тамакты ичип баруусуна көңүл буруңуз. Сабактарын окуп жатканда дагы тапшырмалардын ортосунда эс алуу, башка иштер менен алек кылдыруу маанилүү.
Баланы эркелеткенде дагы туура сөздөрдү пайдалануу керек
— Балаңызды эркелетип: “сарым”, “тултугум”, “томпогум”, “капкарам” -деген сыяктуу сөздөрдү колдонбоңуз. Кичине кезинде балаңыз буларды түшүнбөшү мүмкүн. Бирок, ал 10-11 жашка келип калганда өзүнө көңүл буруп, башкалар менен салыштыруу пайда болот. Сиз эркелетип айткан сөздөр балаңызда өмүр боюу комплекс болуп калышы мүмкүн. Андыктан жакшы сөздөр менен гана эркелетиңиз.
Балаңыз мектепке барганы жатса бул кеңештерди окуңуз
Кибер куугунтук жана өспүрүмдөр
Логопед: Бала телефон менен эмес, оюнчук менен ойношу керек
Айгерим Кубатбекова