Ар бир эле адам кесипти туура тандаса, алдыга максат койсо, анда ал адам сөзсүз түрдө өз максатына жетет. Кичинесинен баштап эле чоңойгондо ким болорун ойлоп, келечеги жөнүндө кыялданат. Учурда жаштардын көбү толук эмес орто же орто мектепти бүтүргөндөн кийин кесип тандоодо бир чечимге келе алышпай, эмне кыларын билбей калууда. Кээ бирөөлөрү өмүр бою бир боло турган кесибин тандоодо тобокелге салышат.
Табылгыты айылынын тургуну Үмөталы Мааметов кичине кезинде тиш доктур (стоматолог) болууну эңсеп кыялданчу. Учурда Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Кыргыз филология факультетин 1-курсунда окуп жатат. Кесип тандоосуна ата-энеси багыт бергенин айтат:
“Үйдөгүлөр жакшы кеңештерин айтышты ал кесип жакшы, бул кесип жакшы деп. Бирок тиш доктур болууга аракет кылып көрдүм, жашоо биз ойлогондой жеңил эмес экен.Окуу жайга өтүү дагы кыйын болду. Ошентип өтө албай калдым. Учурдагы үйдөгүлөр айткан кесипке тапшыргам, тапшырганыма эч качан өкүнбөйм».
Учурда Үмөталы окуп жаткан Кыргыз филология факультетинде тайпасында 16 кыз билим алып жатышканын айтат. Кесип тандап жатканда анын кыз же бала экендигине карап кесип тандалбайт. Сен кызсың же эркексиң, бул кесипти тандасан болбойт деген нерсе жок. Кимге кандай кесип жакса, жөндөм болсо, ошол кесиптин ээси болууга укуктуу, кесипти аркалап, сүйгөн кесибин тандай алат дейт Психолог Жамила Хаитова:
“Тандаган кесиби анын жынысына карабайт.Инсан ошол кесибинен рахат алса, канааттанса, элге пайда бере алса, өзүнө пайда алып келе алса, жаңы ачылыштарды ача алса, ошол кесибинин натыйжасында, анын чыныгы кесиби болот. Бул эски калыптанып калган эски түшүнүктөр.Буга жалаң кыздар же жалаң балдар окуш керек деген нерсе жок. ”
Акыркы убактарда технология багытына, андан кийин мугалимдердин айлык маянасы көтөрүлгөнүнө байланыштуу, педогикалык багытка көбүрөөк болгонун Жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгы башкы адиси Айнура Асан кызы билдирди:
«Негизи, медицина багытына дайыма чоң конкурс болот. Бирок, медицина тармагына өтө албай калганда, баллы жетишпегендиктен улам, башка багытты тандап, окуп жатышат деп ойлойм. Мугалимдик кесипке жакшы тапшырышат. Айлык акылар көбөйгөндөн баштап, улан-кыздар көбүрөөк умтулуп жатышат. Жакшы багыт алып, иштеп акча табарына көздөрү жетет.
Жогорку класстарда кесип тандоо боюнча, бардык мектептерде эмес, жеке менчик мектептерде практика болот. Мисалга алсак, 9-класстан кийин кайсыл багытка көбүрөөк жөндөмдөрү бар экенин билсе болот. Атайын кесип тандоо боюнча сабактар берилет.»
Кесип аркылуу бала өзүн коомдо көрсөтө алат. Мамлекетке таасирин тийгизе алат. Жеке өзү үчүн, өзүнө орун таба алат. Бүгүнкү күндө, жалпы коомдо, кайсы кесипке көп барып атса, ошону эле тандай бериш керек деген стереотиптүү жаңылыш түшүнүктөр жашап келе жатканын психолог Бактыгүл Бейшеева баса белгилейт:
«Эгерде психологиянын позициясында карай турган болсок, кесип тандоого өтө чоң маани бериш керек. Адам баласынын коомго аралашуунун бирден-бир негиздери ишмердүүлүк болуп эсептелет.Ата-эненин , коомдун таасири аркылуу калыптанат. Ар бир бала шыктуулугун көрсөтө баштайт.Бала кезде оюндун жүрүшүндө, коомдогу ролдорду ченеп көрөт. Врач, мугалим болом деген сыяктууларды кунт коюп, байкоо жүргүзсө болот. Мектеп жашында, бала теориялык, практикалык ой жүгүртөт.Чыгармачылык экендигин көрсөтө алат. Кесип тандоодо, ушуларды эске алып, манилуу фактор деп эсептесе болот.»
Кесип тандап жатканда ар бир бала жекече жөндөмдүүлүгүн эске алуу керек. Ата-эне баланын шык жөндөмүн тапканга жардам берип, багыт гана бере алат. Ар кандай кружокторго берип, бала өзүн тапканга жардам берүү керек.
Анара Мааметова