Сары-Булун айыл аймагынын айыл тургундарына, 10-11-класстарга «Китеп жан дүйнөнүн азыгы», «Өзүн өнүктүрүү»аталышындагы тренингди айылдык китепканачы менен коомдук активист Медина Эркинбекова менен биргеликте иш- чара өткөрүлдү.
Базар-Коргон районунун Могол айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин депутаттарына мандаттары тапшырылды. Жергиликтүү кеңештин депутаттары кимдер? Мандат алган жаңы депутаттар менен алдыда таанышыңыз. Азимжан Мырзаев: «Мен Базар-Коргон районунун шайлоо комиссиясынын ыкчам топ …
Жергиликтүү кеңештин депутаттары айыл өкмөттүн чыгашаларын текшере алышабы? Бул суроо менен Могол айыл аймагынын депутаттарына кайрылдык. Алардын пикирин «Ачык өкмөт» уктуруусунан угуңуз. «Биз жергиликтүү кеңештин депутаттары экономикалык өнүгүү планына киргизген …
Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылынан Баткен элине 103 миң сом акчалай жардам жөнөтүлдү. Акча чогултуу жагын айыл жаштары уюштуруп, ар бир үйгө кирип колдон келген жардамын чогултушту.
Базар-Коргон районунун Могол айыл аймагындагы айылдарда СOVID-19 учурда катталган эмес.
Тогуз-Торо районунун акими,орун басары, өкмөт башчылары 9-май жеңиш күнүнө карата ардагерлердин байбичелерине барып, ал абалын сурап, чакан майрамдык белектерин тапшырып келишти.
Ооган-Талаа айылында жаздын келиши менен көп иштерди аткарылды. Аткарылган иштер боюнча айыл башчынын айтымында эң көйгөйлүү болгон сел коркунучунун алдын алып, сел арыктарын тазалап, ички көчөлөргө шагыл төгүлдү.
Могол айыл аймагындагы Ооган-Талаа айылында пандемия мезгилинде кары-картаңдардын абалы кандай экендигин билүү үчүн кайрылдык.
Базар-Коргон районуна караштуу Кайырма айылында май айында өзгөчө кооздукка бөлөнгөн кызгалдактуу талаа бар. Ал жерге май айында атайын кызгалдак гүлдөрүнүн арасында сүрөткө түшүү үчүн келишет.
Тогуз-Торо райондук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санэпидкөзөмөлдөө борбору коронавирус оорусу жөнүндө маалымат берет. Коронавирус оорусу февраль, март айларында катталган жок.
Коронавируска каршы эмдөө үчүн SARS-COV-2 вакцинасы 2000 доза келген. Эмдөөнүн 1-этабына медицина кызматкерлери, мугалимдер, бала бакча кызматкерлерине белгиленген. Эмдөө 2 жолу 28күн аралыгында жүргүзүлөт.
11-апрель күнү Кыргызстанда жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо болуп өттү. Ар шайлоо сайын «ким депутат боло алат?» — деген суроо жаралып келет. Алардын бири: мектеп директору мыйзам боюнча жергиликтүү кеңештин депутаты …
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Могол айыл аймагына жети айыл кирет. Жети айылдан 30 ашуун жайыт жерлерин пайдалангандар бар. Ал эми жайыт комитети ишин кандай алып барып жатат? Жайыт жерлер үчүн …
Токтогул району боюнча Улуу жеңиштин 76 жылдыгын салтанаттуу белгилөө максатында айыл аймактарында эстеликтерди актап-сырдоо айланасын тазалоо иштери жүрүп жатат.
Тогуз-Торо районунун айыл аймактарында элдик жыйындар болду. Жыйындардын максаты: беш айыл өкмөт 2020-жылда аткарылган иштер тууралуу жергиликтүү калкка маалымат берүү жана зордук-зомбулук, мал уурулугу тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү болгон. Иш-чаранын …
Базар-Коргон районундагы мектептерде «Окуу керемет» долбоору тарабынан уюштурулган китеп күнү белгиленди.
11-апрель 2021-жылы Токтогул району боюнча жалпы 35 шайлоо участкасында жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо жана жаңы Конститутцияны кабыл алуу боюнча Референдум тынч жана 50% ашык шайлоочулардын катышуусунда өттү.
Жалал-Абад шаарында коомдук кеңештер, көз карандысыз жарандык активисттер, жергиликтүү жана улуттук деңгээлдеги массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда «Ачык коомчулук-ачык ЖМК» долбоору тарабынан уюштурулган окуу болуп өттү.
Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылындагы Үч-Кол токоюндагы жаздын келишин сүрөтбаяндан көрүнүз.
Токтогул районунда бардык айыл аймактарында 3 айлык көрктөндүрүү жашылдандыруунун алкагында жалпы ишембиликтер өткөрүлүүдө.