Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Жамааттык мультимедиа борборлору

Окуучулардын кышкы эс алуусу

Нарын районундагы Кызыл-Жылдыз  айылынын окуучуларынын кышкы каникулда көңүлдүү өтүп жаткандыгын айтышты. Балдар көбүнчө дөңсөө жолдордо жылгаяк тебишет.

10 Январь 2019 жыл 21:21

Сүрөтбаян: Кыргыз оюну көк бөрү

Ооган-Талаа айылында 10-январда кыргыз оюну көк бөрү болуп өттү.

10 Январь 2019 жыл 20:20

Орто мектептин ашканасы заманбап жабдуулар менен жабдылды

Сумбула айыл Өкмөтүндөгү Көк-Таш айылынын Халбото Боронбаев атындагы орто мектебинин тамак берүүчү ашканасы заманбап жабдуулар менен камсыз болуп, толук кандуу ишке киргизилди.

10 Январь 2019 жыл 17:30

Тогуз- Торонун «Жыл мыктылары» аныкталды

Тогуз-Торо районунда жыл жыйынтыгы чыгарылып,  жергиликтүү бийлик өкулдөрү, мекеме жетекчилери  жана айыл тургундары катышуусунда  жыл ичиндеги жетишкендиктер белгиленди.  “Мыкты  мекеме”, “Мыкты айыл өкмөт”, “Мыкты бала бакчасы”, “Жылдын мыкты салыкчысы”, “Жылдын …

9 Январь 2019 жыл 23:57

Мугалимдер үчүн өткөн секциялык иштердин жыйналышы

Бүгүн 9-январда Базар-Коргон районундагы мектептеринде иштеген мугалимдер үчүн секциялык иштердин жыйналышы болуп өттү.

9 Январь 2019 жыл 19:18

Алыскы жайыттарга мал суу ичүүчү аштоолор коюлду

Сумбула айыл өкмөтүнүн алыскы жайыттарына АРИС жана Сумбула айыл Өкмөтүнүн жайыт комитетинин колдоосунун астында мал суу ичүүчү аштоолор орнотулду. Алыскы жайыттарды пайдалануу эффективдүүлүгү жогорулайт.

9 Январь 2019 жыл 15:35

Сумбулада дагы бир айыл жарыктандырылды

Сумбула айыл өкмөтүнүн Коммуна айылына айыл өкмөтүнүн жана Лейлек райондук өнүктүрүү Фондунун каржылоосу астында 245 миң сомдук түнкү жарыктандыруу долбоору ишке ашып, жергиликтүү тургундардын коопсуздугуна шарт түзүлдү.

9 Январь 2019 жыл 11:11

Көптөн күткөн телечагылдыргыч орнотулду

Сумбула айыл өкмөтүнүн Көк-Таш айылындагы телечагылдыргычтын имараты айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен кайрадан оңдолуп, башка жайга жылдырылды. Союз мезгилинен бери КТРКнын берүүлөрүн көрө албаган аталган айылдын Дейнөө участкасынын тургундары мүмкүнчүлүктөргө ээ …

9 Январь 2019 жыл 11:03

Сүлүктүгө Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри иш сапары менен келди

2019-жылдын 7-январь күнү Сүлүктү шаарына, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана Социалдык өнүктүрүү министри Кочкоров Улукбек Тойчубаевич иш сапары менен келди.

8 Январь 2019 жыл 3:09

Кышкы каникулду балдар кандай өткөрүүдө?

Базар-Корон районуна караштуу Ооган-Талаа жана Кумкана айылында жашаган балдар кышкы каникулду  кандай өткөрүүдө? Бул боюнча биз жаш өспүрүм балдар менен маек курдук. 

7 Январь 2019 жыл 22:59

Ак-Кыя айылында волейбол боюнча мелдеш болуп өттү

Ак-Талаа районунун Ак-Кыя айылында волейбол боюнча мелдеш болуп өттү. Бул мелдешти айылдын 2000-жылкы балдары уюштурушкан. Аталган оюнга айылдын 1984-жылкыларынан тарта 2001-жылкыларына чейинки балдардан түзүлгөн 16 команда мелдешишти.

5 Январь 2019 жыл 22:24

Ак- Талаалык окуучулар тил боюнча олимпиадада ийгилик жаратышты

Ак-Талаа районунун Кызыл-Белес айылындагы Сүйүнбек Атамбеков атындагы орто мектебинин 2 окуучусу республикалык олимпиадада алдыңкы орундарды камсыз кылышты.

4 Январь 2019 жыл 22:33

Кара- Суу айылынын көчөлөрү жарыктандырылды

 Жайыл районунун Кара-Суу айыл аймагынын Ставропол жана Кара-Суу айылдарынын көчөлөрүн жарыктандыруу иштери жүрүп жатат.

31 Декабрь 2018 жыл 15:42

Сүлүктүдө мэрдин «Балаты» майрамы болуп өттү

Сүлүктү шаарында шаардын мэринин «Балаты» майрамы болуп өттү. «Балаты аземине шаар боюнча билим, спорт жана маданият тармагы боюнча 2018-жыл ичинде эң мыкты жетишкендиктерди көрсөткөн өспүрүмдөр чакырылды.

31 Декабрь 2018 жыл 13:16

Жаңы жылды тосуу Кара-Суу айылында

2018-жыл аяктап, жаңы 2019-Доңуз жылы келе жатат. Республикабыздын бардык аймактарынын мекемелеринде жыйынтык иш чаралары өткөрүлүп, Балаты майрамдары болуп жаткан убак. Жайыл районунун Кара-Суу орто мектебинде да окуучулар үчүн Балаты майрамы …

31 Декабрь 2018 жыл 2:04

Куу-Майданда жаңы жыл майрамдалды

Ноокат районуна караштуу Куу-Майдан айылынын Нышанов атындагы орто мектебинде жаңы жыл майрамдалды. Жаңы жылга бардык класстар катышты.

30 Декабрь 2018 жыл 22:59

Асан Сопиев мектебинде ысык тамак берилип жатат

Түп районуна караштуу Тасма айылындагы Асан Сопиев мектебинин башталгыч класстары үчүн ысык тамак бериле баштады.

30 Декабрь 2018 жыл 22:36

Алтын же экология? Үрмаралдыктардын ой-пикири

Талас областына караштуу Бакай-Ата районунда жайгашкан Үрмарал кенинин тегерегинде ар кандай пикир келишпестиктер «Полюс Голд Кей Джи» жоопкерчилиги чектелген коому 7525 (жети миң беш жүз жыйырма беш)доллар сунуштап ауциондон утуп, …

29 Декабрь 2018 жыл 21:30

«Сулуулар сынагы-2019»

Кечээ 28-декабрында Талас шаарындагы А.Огомбаев атындагы музыкалык мектебинде «Талас сулуусу-2019» сынагы өттү. 2018-жылдын 28-декабрында сулуулар сынагы болду. Сынакка Талас шаары боюнча жалпы 20 кыз катышып, тандоо турунан өтүшкөн. Ал эми …

29 Декабрь 2018 жыл 21:20

Жаңы 2019-жыл «Баластан» балдар билим берүү борборунда болуп өттү.

Талас  шаарындагы «Баластан» балдар билим берүү борборунда жаңы жылдык майрам болуп, иш чарага 1-класстан 6-класска чейинки балдар жана кыздар катышышты. Бул жаңы жылга арналган кече 2018-жылдын 28-декабрында болуп өттү Талас …

28 Декабрь 2018 жыл 21:38

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...