Өмүр Токтосунов атындагы жалпы билим берүү мектебинде 2025–2026-окуу жылынын жыйынтыгын чыгарган жана бүтүрүүчүлөрдү чоң турмушка узаткан “Акыркы коңгуроо” салтанаты өзгөчө шаң менен өткөрүлдү.Салтанатка мектеп жамааты, ата-энелер, ардактуу коноктор жана окуучулар …
26-май күнү Дөбөлү айылынын маданият үйүндө бала бакчанын бүтүрүүчүлөрүнө арналган «Кош бол, бала бакча!» аттуу майрамдык кече өткөрүлдү.
Жайыл районунун Суусамыр өрөөнүндөгү Кызыл-Ой айылында улуттук каада-салттарды жана маданиятты даңазалаган «Сармерден» кыз-жигит оюну өткөрүлдү.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатаров Сары-Булак айыл аймагына иш сапары менен келип, Төлөк айылындагы Кең-Суу айылдык клубунда жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөрдү.
Жайыл районунун Суусамыр өрөөнүндөгү беш айылдын мектеп окуучулары окуу жылын жалаң «эң жакшы» жана «жакшы» баалар менен аяктаганы үчүн стипендия алышты.
Чолпон айылынын Корчубек Акназаров атындагы жалпы билим берүү мектебинде бүтүрүүчүлөр үчүн өзгөчө жана толкунданткан күн — «Акыркы коңгуроо» салтанаты болуп өттү. Быйыл окуу жылынын жыйынтыктоочу иш-чарасы салттуу түрдө 25-майда эмес, …
Ак-Талаа районундагы К.Султангазиев атындагы маданият үйүндө КРнын Эл артисти, композитор Каныкей Эралиеванын 70 жылдык юбилейине карата отчеттук концерти өттү.
Бүтүрүүчүлөр тарабынан уюштурулган чакан концерттик программа тартууланып, окуу жылында ар кандай жетишкендиктерге жетишкен окуучуларга жана аларды даярдаган мугалимдерге мактоо баракчалары менен акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Кетмен-Дөбө айыл аймагына караштуу Терек-Суу айылында Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын жаңы дайындалган башчысы-акими Улукбек Самаев жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөрдү. Жыйынга акимдин биринчи орун басары А.Т. Асанов, райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери, …
Чолпон айылында Курман айт майрамынын урматына 15 бодо мал союлуп, анын эти жетим-жесирлерге, томолой жетимдерге жана муктаж үй-бүлөлөргө таратылды. Айыл тургундары бул саамалыкты Алланын ыраазычылыгы үчүн жасап, ынтымак менен өткөрүп …
2026-жылдын 24-май күнү Кочкор райондук маданият үйүндө өткөн “Жибек жолу — кайра жаралуу” чыгармачыл жаштардын IV республикалык кароо-сынагында Корчубек Акназаров атындагы жалпы билим берүү мектебинин 9-классынын окуучусу Медина Капышова улуттук …
Бүгүн, Баетов айылынын Дөрбөлжүн аянтында ыйык Курман айт майрамына карата айт намазы окулду. Майрамдык иш-чарага район тургундары менен катар дин кызматкерлери жана район жетекчилиги катышты.
Кулатов айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Абсатар Эшимбаев Курман айт майрамына карата айыл тургундарын куттуктап, бул күн боорукерликти, ынтымакты жана кайрымдуулукту даңазалаган ыйык майрам экенин белгиледи.
Ак-Талаа районунун Ала-Буга айыл аймагына караштуу Чолок-Кайың айылында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол курулушунда эмгектенип жаткан экинчи базанын жамааты айылдын ички көчөлөрүн оңдоого көмөк көрсөтүштү.
ИСУР коомдук фонду тарабынан мындан эки ай мурун уюштурулган «Эко-Лидер-Мектеби» долбоору Соң-Көл жалпы билим берүү мектебинде өзүнүн жыйынтыктоо аземин өткөрдү.
Кыргыз Республикасынын агартуу министрлигинин 2026-жылдын 12-мартындагы № 254/1 буйругунун негизинде, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун юбилейине арналган Ысык-Көл эл аралык форуму алкагында маанилүү иш-чаралар өткөрүлүүдө. “Биз — XXI кылымдын интеллектуалдары: Чыңгыз …
Шапак Рысмендеев атындагы жалпы билим берүү мектебинде айымдардан чыккан белгилүү акын Шербет Келдибекованын элесине арналган «Көөнөрбөс нук» аталышындагы поэзия кечеси болуп өттү.
Ак_талаа районунда “Жашыл мурас” улуттук өнөктүгүнүн алкагында райондун 90 жылдык мааракесине карата Баетов айыл аймагына караштуу Кара-Суу чөлкөмүнүн Төө-Төшү тилкесиндеги 70 гектар аянтка карагай көчөттөрү отургузулду.
Нарын районуна караштуу Дөбөлү айылынын Өмүр Токтосунов жалпы билим берүү мектебинин 4 окуучусу жана Алыш орто мектебинин 1 окуучусу “Мен чемпионмун” аттуу республикалык мелдештин облустук тандоо турунда ийгиликтүү катышып, байгелүү …
Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык билим берүү мектебинин 10-классынын окуучусу Акылзат Токтобекова «Мен Кыргызстандык экениме» сыймыктанам аттуу сынактын республикалык турунда 2-орунду жеңип алды.