Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0704419051

Барскоон: Грек-Рим күрөшү ийгилик жаратууда

«Спорт-ден соолуктун булагы» дегендей Барскоон айыл жаштарынын суранычынан улам айылдык мектепке Грек-Рим күрөшү боюнча машыгуу залы ачылган. Күрөшкө жалпысынан отуздан ашык мектеп окуучулары катышат. 

25 Февраль 2018 жыл 22:10

«Бапа берметтери» шайыр апалар тобу отчеттук концерт тартуулашты

Үстүбүздөгү жылдын 31-январда Бапа элинин таланттары «Бапа Берметтери» шайыр апалар тобунун отчеттук концерти болуп өттү. «Бапа берметтери» тобу 2016-жылы жергиликтүү тургундардын арасынан талантуулар тандалып уюушулган. Бул топ буга чейин да …

3 Февраль 2018 жыл 22:26

Барскоон айыл аймагынын башчысы эң мыкты аталды

 Барскоон айылына жасаган иштери үчүн жыл башында Барскоон айыл аймагынын айыл башчысы Руслан Эшманбетов, КР өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун …

27 Январь 2018 жыл 21:20

Барскоондо өспүрүмдөр үчүн менталдык арифметика сабагы ачылды

Үстүбүздөгү жылдын январь айында Барскоон айылында балдар үчүн «Академия Роста» интеллектуалдык өнүгүү борбору тарабынан менталдык арифметика мектеби ачылды.

27 Январь 2018 жыл 18:26

17 жаштагы жаш ашпозчу Айгерим

 Кара Талаа  айылынын 17 жаштагы тургуну Айгерим Адикова эң мыкты даамдарды жасайт. Анын колунан жасалган даамдарды жакындары тамшанып жешет.  Тамакты  мыкты жасаган Айгерим келечекте стилист кызматын аркалагысы келет.  Тамак жасап …

10 Январь 2018 жыл 17:14

23 жаштагы Айзада кышкы байпак түйүп киреше табат

Тоң районунун Кара-Талаа айылынын 23 жаштагы тургуну Бакытбек кызы Айзада кол өнөрчүлүк менен алектенип, кошумча киреше табат.

10 Январь 2018 жыл 16:05

Ишкер айым жасаган азем буюмдарын Японияга жөнөтөт

Тоң районунун Шор-Булак айылынын 46 жаштагы тургуну Салкын Исмаилова кол өнөрчүлүк менен алектенип, жасаган буюмдарын Японияга чейин экспорттойт.

10 Январь 2018 жыл 16:04

Мектеп бүтүрүүчүлөрү айылда жаңы жыл майрамын уюштурду

Кара-Талаа айылынын Болот Алаков атындагы  жалпы орто билим берүү мектебинин 11-классы айыл тургундарын  келе жаткан жаны жылы менен куттуктап, 29-декабрь күнү жаңы жылдык кече өткөрүп беришти. Акыркы коштошуу кечеси болгондуктан …

10 Январь 2018 жыл 15:56

Кара- Талаада «Атанын тагдыры» спектакли коюлат

Кара- Талаа айылында «Атанын тагдыры» спектакли жакынкы арада коюлушу күтүлүүдө. Бул спектакль драмалык ийримдин жетекчиси Алтынкүл Молдосанова тарабынан сунушталып, аткаруу милдети 7-класстын окуучуларына милдеттендирилген.

8 Январь 2018 жыл 14:30

Өлкөбүздүн жаратылышын билесизби? /тест/

https://www.playbuzz.com/gulkaiyra10/1-1-2018-3-02-19-pm

1 Январь 2018 жыл 22:02

Тоңдо 13 жаштагы өспүрүм изделүүдө

Тоң районунун РИИБдин кызматкерлери 13жаштагы Сыймык Акылбек уулун издеп жатат. Ал 2004-жылы 3-февралда Кара-Талаа айылында  туулган.Учурда 5-классынын окуучусу. Сыймык 18-декабрь күнү саат 18:00 чамасында үйүнөн дептер сатып алуу үчүн дүкөнгө …

21 Декабрь 2017 жыл 15:29

Тасмада Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата ачык сабак өтүлдү

Түп районуна караштуу Тасма айылында 12-декабрь Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата ачык тарбиялык саат өттү. Тарбиялык саатка Асан Сопиев мектебинин 2-класстагы окуучулары катышты.

13 Декабрь 2017 жыл 6:22

Окуучулар аймактык олимпиадага катышып келишти

Тоң районунунун Кара-Талаа  айылындагы Болот Алаков орто мектебинде  окуучулар бардык сабактар боюнча  аймактык олимпиадага катышып келишти.Олимпиада Кара-Коо айылында болду.    Информатика мугалими Чынара Исаева төмөндөгүлөрдү айтып берди; «Олимпиадага өзүм сабак …

12 Декабрь 2017 жыл 17:10

Ысык-Көл облусунда күнөскана иштетилүүдө

Тоң районуна караштуу Кара-Талаа айылынын тургуну өзүнүн күчү менен күнөскана курду. Күнөскана айыл тургундарын жер-жемиштер менен Балыкчынын баасында камсыз кылып жатат.

12 Декабрь 2017 жыл 16:27

Кара-Талаа айылында спортзал салынууда

Тоң районундагы Кара-Талаа айылында спортзал салынууда. Аны «Кумтөр» ишканасы каржылап жатат.

12 Декабрь 2017 жыл 16:09

Барскоон: «Балдар аянтчасы»

Барскоон айылыбызды жашылдантып гүлдөп өсүшүнө салымын кошуп келгендердин салымы элге жакшы элге белгилуу.

9 Декабрь 2017 жыл 14:36

«Ак илбристи коргоо» күнүнө арналган сынак өттү

«Ак илбристи коргоо» күнүнө арналган жыл сайын өтүүчү сынак Сырт өрөөнүндөгү Сары Жазда уюштурулду. Ага үч айыл өкмөтүнөн катышышты.

8 Декабрь 2017 жыл 19:12

Барскоондук окуучулар аймактык олимпиадага катышып келишти

Жети-Өгүз районунунун Барскоон айылындагы 7,8,9,10,11-классынын окуучулары баардык предметтерден аймактык олимпиадага катышып келишти.

8 Декабрь 2017 жыл 18:53

Барскоондо «Адептүү бала» аттуу ачык сабак болуп өттү

Барскоон айылындагы Эшмамбет Кендирбаев орто мектебиниде 8-декабрда «Адептүү бала» аттуу ачык сабак болуп өттү. Ага 4-класстын балдар-кыздары, ата-энелери жана мугалимдери катышты.

8 Декабрь 2017 жыл 18:30

Барскоондун жаш тургуну Айжамал «Жеңишбек» поэмасын жазды

Жети-Өгүз районундагы Барскоон айылында 11-класста окуган Айжамал Асанбекова «Жеӊишбек» аттуу поэма жазды. Өз чыгармасында ал кыргыздардын басып өткөн жолу жана кыйынчылыктардан кантип чыгуусу тууралуу жазган.

8 Декабрь 2017 жыл 12:47

Календарь

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...