Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылында сүттүн баасы 23 сомдон болуп жатат. Азыркы сүттүн баасына элдердин жай мезгилинде нааразычылыгы жок экенин жана кышында арзан болуп жаткандыгын айтышты.
Тасма айылында сүт алып иштеген айым өз оюн төмөндөгүдөй билдирди:
«Азыр сүттүн баасы 23 сомдон болуп жатат. Мен 16 кишинин сүтүн алам. Азыркы сүттүн баасына элдердин нааразылыктары жок, мурун жайында сүт 12 ден болуп жатканда элдердин нараазычылыктары болуп жаткан. Азыр сүттүн баасына нараазычылыктар жок».
Тасма айылынын тургуну Ишенбиева Кызылкүл өз оюн төмөндөгүдөй билдирди:
«Азыркы сүттүн баасы 23 сомдон болуп жатат. Дагы өйдөлөтсө болот эле»,- деп билдирди айыл тургуну Кызылкүл Ишенбиева.
Тасма айылынын тургуну Кыдырбаева Лизанын арзан баада болуп жаткандыгын белгиледи:
«Сүтүн баасынын көтөрүлүшү айласы жок көтөрүшөт, анткени сүттөр азайды жана коюланды ошол себептен айласы жок көтөрүп жатышат. Сүттүн баасы азыркы учурда 23 сом болуп жатат. Сүттүн баасын мындан июнь,июль, август, сентябрь айларын да эле ушу 20 сомго көтөрүп койсо, карапайым элдер бир гана сүттү карап отурушат. Ушу биз курактуу айымдар ошолордун баары сүт кичине кымбаттаса үйлөрүнө көп нерселерди алып, кичине майда- чүйдө нерселерин алып алышат эле. Сүт көп болуп турган убакытта сүттү арзан алып коюшат, анан кайсы сүт азайып кенедей 1-2 литр сүт төгүп калганда анан 20 сомго чыгарып коюшат. Азыркы сүттүн баасына мен нааразымын. Анткени, азыркы сүттөр коюу, эмне деген каймак чыгат, анан аз төгөбүз жайга салыштырмалуу мага азыркы сүттүн баасы деле туура келбейт, мен жактырбайм. Бирок айла жок сатышыбыз керек»,- деп билдирди айыл тургуну.
Даярдагандар: Жибек Мелисова, Аяна Элеманова