Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылында менталдык арифметика «Урания Мега Майнд» кампаниясы тарабынан ачылды. Асан Сопиев орто мектебинен элүү төрт окуучу ийримге катышууда.

Менталдык арфиметиканын мугалими Гулиза Сакбаеванын айтуусунда:
«Бул Менталдык арифметика «Урания Мега Майнд» тарабынан ачылды. Ачылганына бир ай болду. Бир айдан бери балдар менен иштеп жатабыз. Баасы төрт жүз элүү сомдон, биринчи айында китебин жана абакусун алышты. Китептин баасы үч жүз сом абакустун баасы жүз элүү сомдон. Айына төрт жүз элүү сомдон төлөп окушат. Биринчи айында бардыгы биригип тогуз жүз сом беришти. Асан Сопиев мектебинде жалпы элүү төрт окуучу катышып жатат. Жаштарына карата топторго бөлүп алып топ боюнча өтөм. 1-класстан 8- класска чейин катышып жатышат»,- деп билдирди мугалим.

Менталдык арфиметиканы окуп жаткан окуучусу Мадина Үсөнова арифметика мага керек дейт:
«Мен менталдык арифметиканы бат эле өздөштүрүп кете алдым. Мурун болгон арифметикага катышкан эмесмин. Бул сабак мага абдан жагат, мага керек деп ойлойм. Мен буга өз каалоом менен катыштым, бул мага келечекте керек деп ойлойм»,- деп билдирди мектеп окуучусу.

Асан Сопиев мектебинин директору Алик Мамытовдун айтуусунда менталдык арифметика бир жарым жылдык тыныгуудан кийин кайра ишке киргенин айтты:
«Арифметика мезгилдин талабы болуп жатат, себеби, балдар тез, туура, так эсептөөгө үйрөнүп жатышат.
Биздин районго келген «Академия Роста» боюнча биздин ар бир мектептен математик мугалимдери чакырткан. Биздин математик мугалимибиз Гүлжигит Аскат уулу курсунан толук өткөн. Биздин мектептен окуучуларды үч топко бөлүп алып окуткан. Бир жылдын ичинде эле Гүлжигиттин окуучулары чоң жыйынтыктарды берди. Бир жыл иш алып барылды, анда жакшы жыйынтыктарды берди. Шартка байланыштуу Гүлжигит Аскат уулу мектептен бошогонго туура келип калды. Былтыркы февраль айынан баштап, бир жарым жылга окуу токтоп калган. Азыр кайрадан жандандыруу боюнча окуу жүрдү, ошол окуудан мектеп тарабынан Гулиза Сакбаева окуп келип, азыр жаңыдан баштап жатат. Биздин мектепте жеңишке жеткен окуучулар көп болду. Райондук, облустук деңгээлде жеңүүчүлөр болду, Шаяхматова, Шаиев, Үсөнова, Асема Урматова жакшы көрсөткүчтөрдү беришти. Шаиев жана Үсөнова экөө Бишкек шаарына Жогорку Кеңешке экскурсияга барып келишти. Андан сырткары, бир окуучубуз эл аралык турнирде Казакстандын Ак-Дөбө шаарында өткөн турнирде экинчи орунду жеңип келген. Мындан сырткары, Асема Урматова дагы эки окуучубуз Ташкентте өткөн арифметика боюнча эл аралык турнирде эки, үчүнчү орунду жеңип келишти. Аз убакыт болсо дагы Гүлжигит Аскат уулунун жасаган ишинин жемишин берди»,- деп билдирди мектеп деректору.

Даярдаган: Жибек Мелисова