Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылында 2021- жылдын башында Короновирус инфекциясы эки адамдан аныкталган. Алар дарыланып, айыгышкан. Учурда ооругандардын саны жокко эссе.
Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Карасаев айыл аймагына үрөндөрдү берүү боюнча долбоор жазылып, ишке ашты. Ал долбоордун алкагында аталган айыл өкмөтү тургундарына «АРИС» программасы аркылуу үрөндөрдү биринчи жылына бекер таратат. …
Ысык-Көл облусунун Түп районунун Арал айылынын 11-классынын окуучусу Айым Мырзабекова 2-сынакта өзүнүн калеминен жаралган ыры менен 1-орунду багындырды.
Ысык-Көл облусунун Түп районунун Арал айылынын Жеңишбек Ашымов мектебинин директору Гүлжамал Жаңыбаевага «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими» деген ардактуу наамга ээ болду. Ал мамлекет башчы Садыр Жапаров 125 кыргызстандыкка мамлекеттик …
Аталган айылда каада- салттарды окуучуларга үйрөтүү жана аларды колдонуу максатында Нооруз майрамына карата сармерден болуп өттү. Бул оюнга окуучулар ата-энелери менен биргеликте катышып, эсте каларлык элестерди калтырышты.
Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Токтоян айылынын Муса Ордобаев атындагы көчөсүндө электр кубаты төмөн. Аталган көчөдө 50 түтүн эл жашайт. Алар көчөнүн жашоочулары жарыктын кубатынын начардыгынан бир топ кыйналышат.
Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылынын айыл тургундары былтыркыга караганда быйыл жазгы талаа иштерин эрте башташты. Буга быйылкы кардын аз жаашы себеп болду.
Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Токтоян айылынан кулуну кыргыз элинин туңгуч тилчиси, лесиколог, өлкөнүн залкар инсандарынын бири, агартуучу Кусеин Карасаев жөнүндө эмнелерди билесиз? Аталган улуу адам жөнүндө өз билимиңизди текшерип …
Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Токтоян айылынын Ашырбай Коёнкөзов мектебинин 11-классынын окуучусу сынакка катышып, атайын сыйлыкка ээ болду. Ал манас айтканга кызыгып байкелеринен үйрөнүп алган.
Тасма айылында жүндөн жасалган ар кандай өзгөчө буюмдарды жасоону кыздарга үйрөтүү үчүн атайын чакан кружок өтүлүүдө. Мектеп окуучуларына сабактан сырткары «Седеп» деген аталышта кол өнөрчүлүк окуусуна кыздар катышып жатышат. Аны …
Долон айылынын тургуну Кеңешбек Шоруков 30 жылдан бери жумушуна ат менен барып келип иштейт. Ал Ак-Суу районунун Жылдыз айылындагы Бейшенов орто мектебине эмгектенет.
Илгерки ата-бабалар кийген жүн байпак кайрадан элдин кызыгуусун жаратты. Ал алгач өзүнүн балдарына койдун жүнүнөн жип ийрип алып, байпактарды сатат.
Кыш бүтөрүнө саналуу күндөр калганда аба ырайы кескин өзгөрүп, катуу суук болууда. Айланага кооз көрүнүш тартуулаганы менен кылычын кармаган кыш адамдарга кыйынчылык жаратып жатат.
Түп районундагы М.Элебаев атындагы жалпы билим берүү мектебинде «Манас таануу» интеллектуалдык таймашы уюшулду. Иш- чарага райондогу 33 билим берүүчү мектептин окуучулар катышты,-деди Түп районунун мамлекеттик администрациясынын социалдык бөлүмүнүн башкы адиси …
Түп районунун Тасма айылындагы Асан Сопиев мектебинде окуучулар үчүн машыгуу өттү. Машыгуунун максаты, өзгөчө кырдаал болгон учурда окуучулардын өзүн- өзү алып жүрүүсүн, тез убакытта мектептен абайлап чыгууну үйрөтүү.
Билимди даңазалоо жана китеп окууга кызыгууну жайылтуу максатында «Прогресс» коомдук бирикмеси Түп районунун мектеп окуучулары жана мугалим, китепканачылар арасында китеп окуу сынагын жарыялайт.
Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу мектептерде окуу жөндөмүн арттыруу боюнча USAID дин «Окуу керемет» долбооруна ар бир мектепте иш-чаралар башталды.
Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылындагы Сопиев мектебинде англис тил жумалыгы өттү. Учурда окуучулардын чет тилине болгон кызыгуусу күч. Жумалыктын алкагында көргөзмөлөр, дубал газеталар жасалды.
Буйрутма алып кагаздан гүл жасап, ата-энесине жардам берген Баян Руслан кызы. Баян 16 жашта. Азыркы учурда Түп районунун Арал айылындагы Жеңишбек Ашымов мектебинин 10-классынын окуучусу.
«Инаугурацияда командирлердин буйругу менен мен өзүмдүн милдетимди аткардым. Ар бир жаранда мекен үчүн жүрөгү күйүп милдет, намыс, темирдей бекем тартип, адилеттүүлүк болсо, ата журтум өнүгөт».