Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу А.Сопиев атындагы №19 Тасма жалпы орто билим берүү мектебинде ремонт иштери жүрүп жатат. 37жылдан бери жылытуу жана жарыктандыруу системасы эскилиги жетип, талапка жооп бербей калган. …
Түп районундагы Тасма айылында Шаменова Апал эне атындагы бала бакча бир жыл мурда ачылган. Бир жылдык майрамы жана Ч.Айтматовдун 95 жылдыгына жана бакчанын ачылганына бир жыл болгонуна байланыштуу чакан концерт …
Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылындагы А. Сопиев атындагы №19 жалпы орто билим берүү мектебинде суукка байланыштуу аралыктан окутуу болот.
«Үй бүлөлүк зордук-зомбулукту алдын алуу» боюнча 16 күндүк акциянын алкагында Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Долон айылында алдын алуу иш-чаралары болуп өттү.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Ысык-Көлгө болгон иш сапарында Түп районунун Кең Суу айылындагы мечиттин ачылышына катышты.
Түп районунун Тасма айылынын тургуну Райкан Исакова КР «Эмгек сиңирген мугалими» наамын алды. 31-август Эгемендүүлүк күнүнө карата президент Садыр Жапаров өлкөгө жана элге сиңирген эмгеги үчүн сыйлыктарды тапшырган.
Бул күн дем алыш күнүнө туш келгенинен байланыштуу, майрамды белгилөө 12- сентябрда Түп районунун мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында уюштурулду. АДКлардын ишмердүүлүгү айыл тургундарынын ден соолугуна таасир этүүчү факторлорду көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүн …
9-августка карата Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин көзөмөлүндө куткаруучулары жергиликтүү тургундар жана Жарандык коргонуу кызматкерлери менен бирге кыян өткөн айылдардагы үйлөрдүн айланасын тазалоону улантышууда.
3 — август күнү Түп районундагы 5 айылдык китепканачылар тобу даярдаган китепканачылардын «Ысык-Көл — Ч. Айтматов — Экология» аттуу облустук семинары болуп өттү.
Жаман адаттар — бул биздин жеке жыргалчылыгыбызга терс таасирин тийгизген гана эмес, ошондой эле планетанын «ден соолугуна» терс таасирин тийгизген адаттар. Климаттын өзгөрүүсүндөгү кесепеттерди ар бир адам башынан өткөрүп жатса …
Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында гендердик сезимтал журналистиканын стандарттары боюнча тренинг өткөрүлдү. Тренингге журналисттер жана блогерлер катышышты. Катышуучулар бул тренинг журналистерге эле эмес жөнөкөй адамдарга да керек экенин белгилешти. Тренингде Ысык-Көл …
Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун тургундары, жаш ишкерлер ага ини Москва шаарынын борборунан самсыкана ачып, Өз ишкердигин баштаган кези. «Тобокелсиз акча жок деген ураанды карманган бир туугандар көп тоскоолдукка карабай өз …
Нарын облусунун Ат-Башы районундагы 74 жаштагы тургуну Акаева Турсункан 20 жылдан бери конок үйү менен алектенип, жаштарды билимдүү, эрктүү болуусуна үндөп келет.
Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Карасаев айыл өкмөтүндө социалдык келишим менен 100миң сом алып аны менен чакан долбоор жасап киреше тапкан үй- бүлөлөр бар. Мындай колдоону былтыр беш үй бүлө …
Ысык-Көл облусунун Түп районунун Тасма айылындагы беделерди «Түнкү үкү» курту жеди. Анын айынан 250га дай жер жабыр тартты. Айылдык дыйкандар дары чачып абалды убагында токтотушту.
27-май күнү Түп райондук маданият үйүндө окуу жылынын жыйынтыктаган билим форуму болуп өттү. Форумда “Прогресс” коомдук бирикмесинин 2022-2023 окуу жылындагы кылынган иштери боюнча маалыматтар берилип, предметтик олимпиадада мыкты бийиктиктерди багындырган …
Ысык-Көл облусунун Түп районунун Тасма айылынын кире беришиндеги көпүрө 2005-жылдан бери авариялык абалда турган. Быйылкы жылы Ысык-Көл өнүктүрүү фондусу тарабынан каржыланып жасалды.
«Медиа борбор «Демге-Дем» коомдук фонду Кыргыз Республикасында адам сатуунун алдын алуу боюнча долбоордун алкагында журналисттер жана активисттер үчүн окутуу уюштурду.
Ысык-Көл облусунун Түп районунда «Прогресс Түп» коомдук жаштар фонду тарабынан райондук деңгээлде китеп окуу сынагы өттү. Ал белгилүү педагог, коомдук ишмер, педагогика илимдеринин доктору Жангороз Каниметовдун жаркын элесине арналган.
Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылында 11 жаштан 14 жашка чейинки кыздар жатын моюнчасынын рагына каршы эмдөөнүн экинчи дозасын алды. Жатын моюнчасынын рагы аялдар арасында кеңири тараган коркунучтуу илдет болуп …