Карантинге карабай ар дайым көңүлдөрүн көтөрүүгө аракет кылган үй- бүлө. Ар дайым жакшы жакты ойлонуп, илдетти жеңебиз деп үмүт кылып, күндөрүн жакшы өткөрүшөт.
Мен карантинде мектептин баркын билдим үйдө отуруп окуганда жакшы түшүнө албайт экенсиң. Кандай болгондо да мугалимдин эмгеги зор экен. Карантинде эжейимди окуган курбуларымды сагындым.
Жайлоодо өскөн балдар акылы курч, ата-энеге мээримдүү, оокатка тың жана ар бир адам менен мамиле түзгөндү биле алышат. Азыркы учурдагы жаштардын эрмегине айланган телефон менен убактысын өткөрүшпөстөн, адабий чыгармаларды окуу …
«Эч ким иштебесе, тамак ашыбыз, балдарыбыз эмне болот. Дарыканалар, азык-түлүк сатуучулар, банктар эле иштейт десе, кредити барлар кантип төлөйт»,- деп санаага баткан Түп районунун Тасма айылындагы элеттик айымдар менен маек …
Карантинге карабастан окуучулар онлайн аркылуу билим алып жатышты. Бирок ата-энелерде, мугалимдерде, окуучуларда көптөгөн кыйынчылыктар болгонун жана балдардын терең билим алуусуна көптөгөн тоскоолдуктар жаралганын айыл тургундары белгилешти.
Малазиялык NAMA кайрымдуулук фонду COVID-19 илдетине каршы программасынын негизинде, ASSANABIL кайрымдуулук фонду Түп районунун «Боорукер бол» фондусу менен биргеликте, карантин учурундагы жардамга муктаж адамдарга азык- түлүк беришти. Түп району боюнча …
«Эл аралык балдарды коргоо күн» жыл сайын жай айынын эң биринчи күнүндө белгиленет, тагыраак айтканда 1-июнь күнү. Бул майрам 1949-жылы ноябрь айында Франция өлкөсүнүн борбору Париж шаарында Эл аралык демократиялык …
Азыркы учурда көп адамдар ооруп калган учурда дарыны колдонушат. Эшиктин алдында өсүп турган чөптөрдүн дарылык касиети бар экенин мааниге албай келгендер да бар. Дары чөптөрдү өз убагында терип албаса, дарылык …
Рамазан айы мусулмандар үчүн эң ыйык жана куттуу айлардан эсептелинет. Ислам ушул айда туулган, дүйнө жүзүн нурга бөлөгөн Ыйык китебибиз Курани-Карим да так ушул айда түшө баштаган. Миң айдан да …
Курманбек Дыйканбаев Сапарович тарабынан Түп районунун жакыр ,аз камсыз үй- бүлөлөрүнө, кайрымдуулук катары берилген жардамдан Карасаев айыл өкмөтүндөгү 45 үй- бүлөгө 25 кг дан ун жана 100 беткап таратылып берилди.
Карасаев айыл өкмөтүндө баардык кызматкерлери жана депутаттар, жергиликтүү кеңеш баардыгы кеңешип, калктын саламаттыгын ойлоо менен бирге талыкпаган иш аракеттерди алып барууда. Ал иш аракеттерде айыл өкмөт кызматкерлери менен айыл активисттери …
Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Карасаев айыл өкмөтүндөгү Тасма айылында Асан Сопиев атындагы орто билим берүү мектебинин мугалимдери окуучулар менен WhatsApp аркылуу группа ачышып, мугалимдер окуучуларга тийиштүү тапшырмаларды беришип, окуучулар …
Ысык-Көл областынын Түп районуна караштуу Карасаев айыл өкмөтүндө оорунун алдына алуу максатында Аскердик каттоо бөлүмүнүн инспектору Гүлназ Жумагулованын демилгеси менен жана АДК кызматкерлеринин жардамы менен болуп жаткан иш- чара Карасаев …
Түп районунун жаштары жана «Hyp FM» Жамааттык мультимедиа борбору илдетке каршы аракет жасашууда. Тартипти, тазалыкты сактоо менен короновируска карата калктын калың катмарына чакырык жасоодо.
Токтоян, Чоң-Тогузбай, Тасма айылдарынын мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарына жардам берилди. «Ысмайыл ата» кайрымдуулук фонду 1 кап ун жана 3 литрден өсүмдүк майын таратышты.
Карасаев айыл аймагындагы Токтоян айылында кайрымдуулук иши катары Түп районундагы айылдарынын аз камсыз үй- бүлөлөрүнө жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жууркандар жана 1 тонна көмүр таратылды. Бул кайрымдуулук ишин “Боорукер бол” …
Тасма айылында Кесип тандоо боюнча Нургазы Осмонканов тренинг өттү. «Лидерство» жана «Дилгир» курсунун окуучусу Эржан Мирлан уулу «Келечекке туура жол тандоо» аттуу долбоорду утуп алган. Ошол себептен кесип тандоо боюнча …
Азык түлүктү жана айыл чарбаны өнүктүрүү үчүн өз ара жардамдашуу уюм (ФАО) түзүлгөн. Ушул уюм тарабынан бүгүн Тасма айылында ыр кесе өткөрүлдү. Бул ыр кесени айымдар зордук-зомбулукка кабылбай иштеш үчүн, …
Чоң-Тогузбай айылындагы Кубанычбек Мамытов атындагы орто мектепте «Ак калпак» күнүнө карата бир метрлик калпак кийизден жасалып, окуучулардын көңүлүн бурду. Бул калпакты аталган мектептин химия, биология мугалими Акылбек Саяковдун сунушу менен …
Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылында менталдык арифметика «Урания Мега Майнд» кампаниясы тарабынан ачылды. Асан Сопиев орто мектебинен элүү төрт окуучу ийримге катышууда.