Токтоян, Чоң-Тогузбай, Тасма айылдарынын мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарына жардам берилди. «Ысмайыл ата» кайрымдуулук фонду 1 кап ун жана 3 литрден өсүмдүк майын таратышты.
Карасаев айыл аймагынын соц адиси Акжолтой Мамиеванын айтымында «Бүгүнкү жардам «Ысмайыл ата» коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан берилип жатат. Бул жардам жакыр үй- бүлөлөргө, аз камсыз үй- бүлөлөргө жардам катары 1 кап ун, 3 литр өсүмдүк май таратылды. Этап менен бөлүнүп жардамдар келүүдө. Дагы да жардамдар болот. Мында албай калган тургундар кийинки жардамдардан ала алышат»,- дейт Акжолтой Мамиева.

Тасма айылынын кайрымдуулук фондунан жардам алган айыл тургундун айтуусунда: «Биз кайрымдуулук фондунан 1 кап ун, суумай алдык. Биз буга чейин дагы «Боорукер бол» кайрымдуулук фондунан жардам алчубуз. Менин 2 оорулуу балам бар ошол үчүн алдым. Бизге маалымат берет. Ушул күнү кайрымдуулук иши болот деп ошондо барып жардам алабыз. Иштерине ийгилик болсун, ар дайым ден соолукта болушсун. Ушундай жардам көрсөтүп айткандарына чооң рахмат»,- дейт айыл тургун билдирүүсүндө.

Даярдагандар: Аяна Жайлобаева, Гүлназ Жумагулова.