Өлкө өзгөчө кырдаал режиминде болуп турганда, насыя, ипотека, балдардын билими жана келечеги ж.б тууралуу ойлонбой коюу оңой эмес. Бул учурда республикалык штабдын курамында психологиялык кеңеш берип жаткан Гүлипа Борбиева тынчсызданбай, жашоого туура мамиле кылуу ыкмалары менен бөлүштү. 20 жылдык тажрыйбасы бар психолог, 1+3 же 1 жаман кабарды 3 жакшы кабар менен толуктоо, карантин учурунда эмне менен алек болуу керек өндүү кеңештери менен ой бөлүштү.