Кыргыз тили – макалы, айтышы, Манасы менен баалуу экени талашсыз. Ата-бабабыз сөздүн кадырын кетирбей, таптап,барктап сүйлөгөнү айкын. Кыйын кырдаал, мезгил же чечилбей жаткан маселелерде дагы сөздүн көркү, каймагы болгон макал менен маселе чечилип, элдин ынтымагы бекемделген. Укпаган кулакка катуу айтпай, кыйыштырып сүйлөп тартипке келтирген. Бүгүнкү күнү бул макалдар кайрадан эл арасында көп айтылып, актуалдуулугун арттырды. Келиңиз, сиз дагы сөздүн бермети болгон макалдарды канчалык билесиз, текшерип ойноп көрүңүз!