Түп районунун Карасаев айыл аймагында 20-март күнү “Салам сага, санжыралуу Ноорузум” аттуу майрамдык иш-чара жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Иш-чарага айыл аймакка караштуу 8 айылдын мектептери жана бала бакчалары активдүү катышып, кыргыз элинин улуттук тамак-аштарын даңазалаган сынак уюштурулду.
Сынактын жыйынтыгында:
Арал айылынын Ашымов атындагы мектеби ыраазычылык кат жана 10 000 сом акчалай сыйлыкка ээ болду;
2-орунду Тасма айылынын А. Сопиев атындагы №19 жалпы орто билим берүү мектеби багындырып, 7 000 сом акчалай сыйлык менен сыйланды;
3-орунду Кош-Дөбө айылынын Тезеков атындагы орто мектеби ээлеп, 5 000 сом акчалай сыйлыкка ээ болду.

Мындан сырткары, жигердүү катышкан мектептер жана бала бакчалар айыл өкмөтү тарабынан ыраазычылык каттар жана 3 000 сом акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.
Иш-чара концерттик программа менен коштолуп, улуттук ыр-бийлер, каада-салттар көрсөтүлүп, катышуучуларга майрамдык маанай тартууланды.
Иш-чаранын алкагында Карасаев айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Ногоева Гүлмира менен кыскача маек курдук:
«Нооруз – бул жаңылануунун, биримдиктин майрамы. Биздин негизги максатыбыз – жаш муундарга улуттук баалуулуктарды жеткирүү, салт-санааны унутпай сактоого үндөө. Мындай сынактар аркылуу окуучулар өздөрүнүн чыгармачылыгын көрсөтүп, улуттук тамак-аштарды даңазалашат», — деди ал.
Анын айтымында, катышуучулар жогорку деңгээлде даярдык көрүшүп, ар бир мектеп жана бала бакча өзгөчө ыкма менен улуттук ашкананын байлыгын көрсөтө алышкан:
«Мындай иш-чараларды мындан ары да улантабыз. Элдин башын бириктирген, тарбиялык мааниси чоң демилгелерди көбөйтүүнү пландап жатабыз», — деп кошумчалады ал.
Жыйынтыгында “Салам сага, санжыралуу Ноорузум” аттуу майрамдык иш-чара айыл тургундарына көтөрүңкү маанай тартуулап, улуттук баалуулуктарды даңазалаган маанилүү маданий окуялардын бири болду.
Даярдаган: Нурайым Акунова