Алтынбек Айбек уулу — улуттук мурастарды жандантуу менен киреше булагын тапкан жаш ишкер. Ал бала кезинен бизнес тармагына кызыкса дагы, бирок аны эмнеден баштаарын билбей келген. Анын, кадимки чүкөдөн жеке бизнесин баштаганы көпчүлүктү таң калтырбай койбойт. Мындан улам ар бир сөөккө жан берип, түскө боёп, кардардын кызыгуусун жараткан жаш ишкер менен kyrgyzmedia.com маектешти.
-Алтынбек, саламатсызбы? Эмне үчүн бизнесиңизди чүкө тармагында баштадыңыз?
-Саламатсызбы. Менин бизнесим Мигрант ишкер долбооруна катышкандан кийин пайда болду. Ал жерде бизге тренинг учурунда“өзүңөрдүн 40 хоббиңерди жазгыла жана анын ичинен ошол тармакта тааныштарыңар көп, акча таба ала турган 3 хоббиңерди тандап алгыла”- деген тапшырма коюлган. Мен болсо, дароо эле андай хоббилеримди таба алган жокмун. Ал эми аталган долбоордун башка катышуучулары өздөрүнүн иштерин ачып, жыйынтыктарын көрсөтө баштады. Карасам, алардын арасында этникалык тарзда жасалган буюм-тайымдар көп экен. Мен хоббилеримди дагы бир карап чыктым. Арасында чүкө ойноо хоббим бар эле. Анан менин эсиме дароо Бишкектеги балдардын чүкө ордуна таш менен ташты кагыштырып ойноп жатканы эсиме келди. Бир жолу жолдо кетип бара жатып, ошондой балдарды көрдүм эле. Ойлонуп отуруп, “Кыргызстанда чүкөгө суроо талап болуш керек” – деген жыйынтыкка келдим. Анан тренинг учурунда эле агайга “ мен чүкө сатам”- деп айттым. Ошондон тарта чүкөлөрдү боёп, түстөп, тазалап сатыкка чыгаруу жолдорун ойлоно баштадым. Апам болсо, аларды салчу баштыкчаларды тигип берди.
-Суроо- талап көп эле бекен?
-Ооба, сиздерге бир кызык нерсени айтып берейин. Мен даяр болгон чүкөлөрүмдү досторума, туугандарыма, деги эле тааныштарыма көрсөтө берем да. Анан кесибим боюнча тажрыйбадан өтүп жаткан жердеги кызматкерлерге да көрсөтсөм, алардын арасынан бир эже менин чүкөлөрүмдү жолдошуна сунуштап калды. Көрсө ал эженин жолдошу бир курулуш компаниянын директору экен. Ал компаниянын логотиби – чүкө экен жана алар батир алган кардарларына чүкө белекке берсекпи деп жүрүптүр. Ал байке экөөбүз сүйлөшкөн соң, ал менин бизнесимдеги алгачкы ири кардарлардын бири болуп калды.
-Алгачкы ири буюртма сизге канча көлөмдө түштү?
-Алгач 50 таңгакчага буюртма берди. Ар биринде 30 даанадан чүкө бар. Азыр бул таңгакчаларды дагы жакшы, кармаганга ыңгайлуу гана эмес, көргөн көздү суктандырып, кыргыздын улуттук оюндарына кызыктыралы деген ниетте өзгөртүп жатабыз. Тактап айтканда, сыртын булгаарыдан кылып жана колдонмо куралдары жазылган кагазды да тиркеп иш алып баруудабыз.
-Ар бир бизнесте, ал кичине болобу, чоң болобу жарнама маанилүү роль ойнойт эмеспи…
-Ооба, туура. Бирок, азыр жарнамалабай элемин. Жарнамаласам иш абдан кызычудай. Болгону азыр элчиликтерге, эл аралык уюмдарга, туристтикалык фирмаларга, андан башка сувенирдик магазиндерге сунуштап жатам. Жакында дагы туризм департаменти менен сүйлөшкөнбүз. Алар чакырган эле. Өткөндө көргөзмөгө катышып, көрүшкөн эле. Ошондой эле маданий жайларда чүкөлөүмдү сатып берем деген тааныштарым жок эмес, шугүр.
-Бүгүнкү күндө, чүкөнү – бизнеске айлантып жаткан Алтынбек сиздин бала чагыңыз албетте чүкө оюндары менен байланыштуу болсок керек?
-Ооба, ошол эң кызыгы биз кыштын кычыраган суугунда ойночу элек(күлүп). Мен 8-9 класстарга чейин ойнодум. Ал гана эмес, чоң кишилер дагы бизге кошулуп ойночу. Чүкө менен “үч тапан”, “айлампа”, “ордо” ж.б ойнолчу кызыктуу оюндар абдан көп. Азыр мен мындай оюндарды изилдеп жаза баштадым. Негизи бул оюндун тарыхы тээ “Манас” эпосунан башталат экен. Анда, Манас атабыз Кытайдан келген кербендердин төөсүнүн аягын сындырат эмеспи. Ошондон чыр башталат да.
-Чүкө — бизнес булагы катары коомго таркап жатышын эл кандай кабыл алууда?
-Суроо — талап жандуу болуп жатканынан эле элибиздин улуттук оюндарына болгон кызыгуусун тушүнсөк болот. Мен чүкөнү кимге көрсөтпөюн ал кызыгууну туудурбай койбойт. Үч кишиге көрсөтсөмалардын ичинен жок дегенде бирөө алат. Ата-энелер, “ата мурасын билип чоңойсун, улуттук оюнчуктар менен ойносун” – деп кичинекей балдарына алышат. Кээ бир эжелер, “эркек балалуу болоюн”- деп ырым кылып алып жатышат.
-Негизи, бизнеске кызыгууңузга кайсы бир нерсе себеп болгонбу?
-Мен мектепте окуп жүргөндө, сабактан кийин тоодо кой кайтарып жүргөм. Анан атам Кочкор районунун борборуна кетип, 2 китеп ала келиптир. Китептердин бирөөнүн сыртында “акча” деп жазылып туруптур. Ал Роберт Кийосакинин “Акчанын квадранты” дегн китеби экен. Кой кайтарып жүрүп, ошол китепти окуп чыктым. Ал китептин мага шык берген жери, дүйнөгө белгилүү адамдардын т.а Томас Эдисон, Лев Толстой ж.б бала чагында начар окуганы жада калса, мектептен чыгарып салганы жазылган экен. Ал учурда мен деле мектепте кыйратып окучу эмесмин. Белгилүү адамдардын ийгиликтүү өмүр жолу мага өзгөчө таасир калтырып, өзүмо болгон ишенимди күчөттү.
-Сиз сыяктуу бизнес чөйрөсүндө болгусу келген жаштарга кандай кеңешиңиз бар?
— Негизи, ийгиликти багындырганга болбойт. Бирок аны сурап алса болот деген сөз бар экен. Ошол нерсени пайдаланыш керек деп айтаар элем. Биз көп нерсени издебейбиз, сурабайбыз жана сурагандан уялабыз, намыстанабыз. Издеген – табат, ал эми сураган – алат деген да сөз бар. Негизи, сурашыбыз керек. Жардам да сурашыбыз керек. Биз жардам сурасак, ал кишиге да бир күнү муктаждык болгондо ага кайра жардам берүүбуз керек. Ал эми биз бүгүнкү күндө тууганыбыздан жардам сурагандан уялып, текеберленип жатып чет өлкөлөдө мигрант болуп жүрөбүз.
-Жогоруда, “мигрант ишкер” долбооруна катышып жатканыңызды айтып өттүңүз. Аталган долбоорго мигрант болуп келгендер гана катыша алат. Сиз кайсы өлкөдө, кайсы тармакта иштегенсиз?
-Ооба, мен эки жыл катары мен Түркияда тейлөө тармагында эмгектенип келдим. Жайында сезон учурунда барып иштеп келип жаттым. Ал эми “мигрант ишкер” долбоору абдан керектүү иш-чара эле. Ал аз убакытта ишкерликтин сырларын үйрөтүп, бир айдын ичинде өз ишимди ачууга жол көрсөттү.
Даярдаган: Касиет Кубанычбек кызы