Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо күнүнө карата Үч-Коргон айыл өкмөтү мини-футбол турнирин уюштуруп, андан сырткары кант диабети менен ооруган тургундарды акысыз текшерүүдөн өткөрдү.

«Биз бир жумадан бери Үч-Коргон айыл тургундарынан 55 кишини акысыз кант диабети боюнча текшерүүлөрдөн өткөрдүк. Бул аткарылган иштердин жыйынтыгында бүгүн мини-футбол мелдешин өткөрүп жатабыз», — дейт Рустам Дадабаев.

Дадабаев кошумчалагандай, бул иш чараны Үч-Коргон айыл өкмөтү колдоого алып акчалай жардам көрсөткөн.
Аталган оюнда Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, милиционерлер, мугалимдер, электриктер жана дарыгерлер борборунун курама командалары катышууда.
Мини-футболдун жеңүүчүлөрүнө 1-орунга 4000 сом, 2-орунга 3000 сом, 3-орунга 2000 сом, калган 4, 5, 6-орунду ээлдегендерге кызыктыруучу белектер каралган.

Айыл өкмөттүн курама командасынын мүчөсү Азиз Нурмаматовдун билдиришинче, оюн жыйынтыгына чыга элек. Азырынча Үч-Коргон айыл өкмөтүнү мугалимдер курама командасы 4:0 эсебинде жеңишке жеткен.
Даярдаган: Пардаева Мохира
Сүрөттүн автору: Нусратуллаев Сайёдбек
Сынак үчүн
КМ