“8-май күнү мурдагы айыл өкмөтүндө иштеген жеткчилер Роза Маманова, Айнагул Жусупова, Сулайманов Салижан жана корупцияга каршы коом Сулайманабад айлындагы жети гектар жерди Ахмаджан Абдурахманов атайын таратпай жатат, элдики болгон жерлерди ижарага берип салган деген ушактарды таратышкан”, –деп маалымдады Абдурахманов Ахмаджан.Абдурахмановтун билдиришинче коңушу Өзбекстандагы жарандарга ижарага эч кандай жер берилбегендигин да айтып бул сөздөр жалгандыгын тастыктап жерлердин берилүүсү боюнча атайын комиссия иштеп жаткандыгын айтат.
Сулайманов жана Манова Роза биригип Табалдиев улуттук коопсуздук комитетинин төрагасына жазышкан, ошондой эле Геноралдык прокуратурадан келип текшергенде мындай факттар жок экенин айтышкан. Элдерди уюштуруп 12-май күнү Кызыл-Кыя шаарындагы эс алуу паркынан элди чогултуп ,жол акысы бекер , жеп ичүү бекр деп Бишкек шаарында дагы бир жыйын өткөрүшкөн.
Жалпылап айтканда бул иштер Абдурахманов Ахмаджанга каршы жалган жалаа, тооматтарды уюштурулуп жаткандыгы чындыкка жакын анткени бул сөздөрдүн жалган же чын экендигин тастыктоо максатында айыл өкмтүнүн кызматкерлеринен, айыл тургундарынан сурамжылоо жүргүзгөнүбүздө дагы бир ирет бардыгы уюштурлган топтордун иши экендигин айтышат.
Жалган маалыматтарды тараткандыгы үчүн Маманова, Сулайманов жана башка шериктери үстүнөн кылмыш иши ачылары анык, алар мурдагы жасаган жашыруун иштерин да Абдурахманов Ахмаджан изилдеп тапканын да кошумчалады.
Даярдаган: Арипов Атабек