Учкун айылында Жеңиш майрамынын 70 жылдыгына карата чоң деңгээлде даярдалган иш чара болуп өттү. Аталган иш чарага айыл тургундары, ак сакал ата-апалар, мектеп окуучулары катышты.
Майрамдык иш-чарада орук ардагерлерине сөз берилип, ыр, бий, сахналаштырылган чакан окуя көргөзүлдү.
Айыл башчы Касымакун Мамырбаев:
“Биз жеңишти алып келген ата-апаларыбызга чоң ыраазычылык билдирип, жыл сайын аларга жакшы маанай тартуулап турушубуз керек. Ушундай иш-чараны уюштурган мектеп жамаатына жана окуучуларга ыраазычылык билдирем”, — деп иш-чарада баса белгилеп өттү.
Ал эми орук ардагери Дүйшөнаалы Тынышов согуш жылдарын мындайча эскерди.
“Мен согуш жылдарында 11 жаштагы бала болуп, жетим калдым. Чоңдор жасаган жумуштарды жасап, оор түйшүктү башыман кечирдим. Азыркы муундун башына андай апаат окуя келбесин”, — деп окуучуларга айтып өттү Тынышов.
Андан кийин мектеп окуучулары тарабынан уюштурулган иш-чара менен улантылды.
Эшбай Токсобаев атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусу Алтынбек Токторбай уулу:
“Бул майрамдык иш-чара мыкты деңгээлде өтүп жатат. Өзүм дагы кечеге катышып жатам. Бизге бейпил турмушту алып келген аталарга, апаларга таазим кылам” дейт.
Мындай иш-чараны уюштуруу менен мектеп жамааты, окуучулар согуш жылдарын өз көзү менен көргөн ардагерлерге ыраазычылыгын билдиришти. Мектеп жамааты эмки жылы да жогорку деңгээлдеги иш-чараны өткөзөөрүн белгилеп өттү.
Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка
Маалыматты даярдагандар: Найзабек Мукамбет уулу, Нурсултан Асанбеков.