Үч-Коргондо өзгөчө чайханалар көп жана башка жерлерге салыштырмалуу тамактар даамдуу жана адал. Кызыгы эмне үчүн бул жердин тамактары даамдуу болушу сыры ачылбайт. Кээ бир адамдар суусу даамдуу деп айтышса , башкалар күрүчүндө деп айтышат. Бул суроолорго кенерээк жооп алуу максатында биз ашпоздорду жана башчыларды маеке тарттык.
Шарафиддинов Салим Исфайрам жээгиндеги чайканалардын биринде башчы болуп 97-жылдан бери эмгектенип келүүдө.
» Эки ашпоз, эки официант, эмгектенет ашпоздорго бир тамак жасаганына 100 сом алеми официантка болсо бир конокту тейлегендиги үчүн 50 сом акча төлөп берем».
«Бул жылы аба-ырайы мелүүн болуп жаткандыктан бираз адамдар азрак келишүүдө, бирок өткөн жылдары көп адамдарды тейлет элек насипке жараша Аллага шүгүр. Эски адамдар бул жерлерди “Хонахо” деп атап келишкен азыр биз Исфайрам чайканасы деп атап койгонбуз адамдарга түшүнүктүү болуусу үчүн”Шавкат Фазилов аталган чайканада ашпозчу болуп эмгектенет, “ Мен күнүнө 10 тамак жасаймын алар дымдама, аш, шорпо,жаркоп ушулар. Мен жасаган тамактарымдын айтоорлук сыры деле жок негизинен чын ыклас менен көңүл коюп жасаганга араркеттенем”
Даярдаган: Гулиза Жээнбаева
Клооптун журналистика мектебине катышуу учун сынакка