Үч-Коргон айыл өкмөтүндө мыйзамсыз берилген жерлер боюнча кезексиз жыйын өткөрүлдү. Бул боюнча өкмөт башчы Ахмаджан Абдурахманов билдирди. Маалыматка ылайык, бул жыйында үч маселе каралып, биринчи маселе боюнча Сулайманабад айылындагы жаңы медресени куруу боюнча айыл тургундарынын кайрылуулары каралган.
«Бул маселе боюнча депутаттар, билим берүү министрлиги жана дин иштери боюнча атайын комиссиялар бар. Бизге муфтияттан уруксат келгенден соң , токтом чыгарып беребиз»,-деди Абдурахманов.
Экинчи маселе, Үч-Коргондо келип чыккан чыр-чатактардын себеби жер маселеси. Ошондуктан адамдарга жерлерди канчалык өлчөмдө бөлүп берүү боюнча сүйлөшүү жүргүздүк. Суулуу жерлерден 7 сотыхтан, ал эми кайрак жерлерден 12 сотыхтан бөлүп берүүгө макулдашылды», — деп билдирди ал.
Абдурахмановтун айтымында, Сулайманов Салижан Сулайманабад айылындагы адамдарды чогултуп чыр чыгарганга аракеттенген. Болуп өткөн жыйында Кадамжай районунун акими, улуттук коопсуздук комитети, милиция кызматкерлери катышышкан.
Өкмөт башчы, 2005-жылдын 26-октябрь күнү чыгарылган 180- токтомун изилдеп чыккан, ошол тизмедеги Үч-Коргондуктардын үйлөрүнө барып сурамжылоо болгондо алар өз атына жер сатып алынганын билишкен эмес жана жер боюнча уруксат кагазы бар экендиги аларды оюна да келген эмес. Артыкова дегендер үч бир туугандар булар Сулаймановдун бир туугандары экендиги далилденген. Сулайманов жерлерди мыйзамсыз туугандарга таратып салгандын да кошумчалды.
Даярдаган: Арипов Атабек