Үч-Коргон айылында алгачкы ирет көз оорууларын дарылоо боюнча жеке менчик оорукана ачылды. Бул тууралуу оорукананын ээси Жоро Хасанович: “Биз өзүбүздүн үйүбүздү ушунтип көз ооруулары боюнча жеке менчик оорукана ачтык. Эл үчүн кызмат кылууну максат кылып койдук”.
Өзүм Фрунзалык медицина мамлекеттик окуу жайын 1975-жылы бүтүргөм. Окууну бүтүрүп келгенден кийин Кызыл-Кыя шаарык көз ооруулары бөлүмүндө ушул күнгө чейин эмгектенип келдим”.
Азыркы учурда Хасанович пенсияда бирок ага карабастан эмгектенүнү токтоткусу келбегендигин айтат. Жаштарга орун берүү керектигин жана алдыда көп максаттары бар экендигин да билдирди. Бүгүн 20-май бул оорукананын ачылышы болуп өттү. Бөлмөлөр жарык заманбап жана бүгүнкү күндүн талабына жооп бере турган шаттар менен камсыздалган.
Даярдаган: Гулиза Жээнбаева