20-майда Сокулук районунда «Сары-Өзөн чолпондору» фестиваль сынагына жыйынтыктоо майрамы маданият үйүндө өткөрүлдү.
Сокулуктун акими Кенжебаев А.К. фестиваль сынактын өзу ачып берди.
Өз сөзүндө областан келген калыстарга биздин Сокулуктун балдары эң жакшы,эң сулуу,эң таланттуу деп белгилеп отту. Ошондой эле мугалимдерге,ийримдин жетекчилерине,хореографтарга,директорлорго жана ата-энелерге ыраазычылыгын билдирди.
Сокулук районунун билим беруу бөлумунун башчысы: Кубанычбек Эмилбеков биздин кыскача суроолорго жооп берди.
Бул жерде катышкан окуучулардын саны 200гө жетет. Даярдык жыл бою жүрдү себеби мектептерде ар түрдүү ийримдер иштейт. Ийримдерге катышкан таланттуу окуучуларды алып чыгып обласстын кароо сынакка катыштырып жатабыз.
Фестивальда мектеп окуучуларынын колунан жаралган көргөзмө уюштурулуп, көрүүчүүлордүн купулуна толду.
Бул сынака райондун мектептеринин окуучулары жана бала бакчалардын тарбиялануучулары катыша алышты.
Иш чарага биздин Жал айылынын бала бакчасы жана мектеп окуучуларынын эмгектери коюлду.
Кийинки маектешүүбүздө Рустөмбек Мамыралиев атындагы гимназия мектебинин эмгек мугалими Экишова Кундуз Мурсалиевна буларды айтып берди:
Коргозмого «Чебер колдор»,»Бермет таш»,»Мастера»,»Своими руками»,»Торцевания»ийримдери катышты. Сынакта озгочо Жаныбек кызы Алтынайдын «Апама гүл десте «деген темада кинусайка техникасында жасалган суроту калыстардын көңүлүн бурду жана кийинки көргөзмөгө отту. Ошондой эле биздин мектептин «Үмүт»бий тобу дагы бир ирээт лауреат деген наамга ээ болушту.
Даярдагандар: Кубанычбек уулу Азамат, жаркынбаев Дастан,
Эркинбеков Адилет, Болотбеков Улан.