Баетов айылында Кулманбетова Сонунбүбү жетектеген «Аристотель» маалымат борбору өз кызматын көрсөтүп келүүдө. Борбордо сүрөт чыгаруу, текстти компьютерде жазуу, интернет булактарынан маалымат издөө сыяктуу компьютердик кызматтар көрсөтүлөт. Ошондой эле жаш балдар да бош убактыларында келип компьютерде оюн ойношот.
Борбордун туруктуу иш мерчеми бар. Жакынкы айылдардан кызматынан пайдаланган жашоочулар көп болгондуктан бош отурган учуру болбойт.
Сонунбү эженин айтымында борборду 2006-жылдан бери иштетет. Компьютердик кызматтарды өз алдынча үйрөнгөн. Айрым мекеме-ишканалардагы бухгалтерлерине microsoft программасынды иштөөнү үйрөтүп келет.
Даярдаган: Б. Мамытбекова