Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде “Суу, санитария жана гигиена” боюнча жарыяланган сынактын жыйынтыгы менен жигердүү катышкан алдыңкы окуучуларга белектер тапшырылды. Спорттук инвентарлардан турган белектерди мектеп линейкасында АРИСтин эксперти Темирбек уулу Мирлан тапшырды.
Эске салсак, сынак ушул жылдын март айында стенгазета, дилбаяндар, тартуу жана кол жуугучтун макетин түзүү тапшырмалары менен сынак жарыяланган. Ар бир класска кол жуу эрежелери, жугуучу оорулар боюнча сабактар өтүлүп, окуу бөлмөлөрүнө кол жуугучтар коюлган. Темирбек уулу Мирлан: “Биз жеңүүчүлөргө планшет же интернет байланышын кошуп берели дегенбиз. Бирок интернет байланышы бардык жерде бирдей кармабайт. Ошол себептүү спорттук инвентарга токтодук” дейт.
Даярдаган: Б.Мамытбекова