Кадамжай районунун Үч-Коргон айылындагы мектептерде алтын күз майрамы белгиленди.
Үч-Коргон айылынын Айни орто мектебинде берекелүү алтын күз деген аталыштагы кече болуп өттү.
Окуучулар ар кандай мөмө-жемиштерди алып келишип, көргөзмөгө коюшту. Компот жасоо боюнча сынакта 8-класстын окуучулары жеңишке жетишти. Соңунда концерттик программа тартууланды.
Автору: Атабек Арипов