Кадамжай районуна караштуу Үч-Коргон айылынын тургуну Абдухаким Темирбаев асыл тукум койлорду багат.
Абдихаким Темирбаев 20 жылдан бери гисар койлорду багат.
«Мен бул гисар породасындагы койлорду алгач Тажикстандан, Өзгөндөн алып келип көбөйткөм. Учурда 500дөн ашык кой багып жатам. Алардын 15и кочкор, калганы койлор», — деди фермер Темирбаев.
Жылына 450 койдон 430-450 козу алынат. Гисар койлордун 1 жаштан 4 жашка чейинкилеринин салмагы 120-130 кг болуп, 10 миң сомдон 60 миң сомго чейин бааланат.
Айыл тургундары да мындай койлордун түрүнө кызыгып, сатып алгандардын саны арбын.
Дайрадаган: Абдурахманова Гулбахор