Баткен облусунун Үч-Коргон айыл өкмөтүндө кургатылган мөмө-жемиштерди кайра иштетүүчү ишкана ачылуу алдында турат. Ага жалпы 15 миллион сом акча каражаты жумшалган.Ишкананын жетекчиси Сардор Мадазимовдун айтымында, курулушка керектүү жабдууларды орнотууга 15 млн сомго жакын каражат жумшалган. Апрелде ишкананын ачылышы менен 30 жумуш орун түзүлөт жана күнүнө 2 тоннадан ашык мөмө-жемиш кайра иштетиле баштайт.
“Бул ишкананы куруу оңой болгон жок, албетте, өзүнө жараша түйшүктөрү да болду. Биз бул жерде кургатылган мөмө жемиштерди кайра иштетүү иштери алып барылат”,-дейт Сардор Мадазимов.
Ошондой эле ачылуу алдында турган ишканада өрүк, шабдалы, кара өрүк, алмурут, гилас, ит мурун, долоно сыяктуу мөмө-жемиштер иштетилип таңгакталат.
Учурда технологдор жумушчуларды окутуп жатат. Ал эми, долбоорду каржылоого Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду менен ЮСАИД көмөк көрсөткөн.Үч-Коргон айылында 21663 тонна мөмө-жемиш өндүрүлөт. Анын ичинен 10200 тоннасы ички керектөөгө жумшалып, калган көлөмү экспорттолот.
Даярдаган: Абдурахманова Гулбахор