Үч-Коргон айылында эл аралык уюмдар тарабынан мечит курулуп пайдаланууга берилди.
Маалыматка караганда, мечиттин курулушуна жалпы 5,5 млн сом сарпталган. Каражат эл аралык уюм тарабынан каржыланды. Мечиттин ачылышынын алкагында айылдагы 100 аялга 1000 сомдон акчалай жардам таратылды.
Мечиттин ачылышына облус жетекчилиги, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, айыл өкмөтү жана тургундары имамдары катышкан.
Айыл тургуну Абдуллох Ахмадовдун айтымында, жаны ачылган мечит заманбап жана жылуулук менен камсыздалган. Намаз окуганга бардык шарттары каралган.
Даярдаган: Гулбахор Абдурахманова