Шакиржан Шакиров өрүк шербетин бир чынысын 15 сомдон сатат жана бул шербеттин дарылык касиети да көп ички оорууларга жана жүрөк орууларына да пайдалуу.Шакиржан Шакировдун билдиришинче , өрүк шебетин даярдоонун өзүнүн сырлары бар, даарыланбаган, кара өрүктөрдү жууп, тазалагандан кийин атайын дакиден өткөрүп, кайнатат. “Кайнатылган өрүк тунган соң, аны муздатып, атайын идиштерге куям анан сатууга даяр болгон экологиялык таза суусундуктарды Баткен-Ош унаа жолуна алып чыгып, сатам, күнүнө 1000 сомго чейин пайда көрөм”. Тапкан кирешени пайдалуу жумуштарга коротомЖайдын ыссык күндөрүндө даамдуу шербетти сатып алуучулардын саны көбөйөт. Сатып алуучулар көп болгондуктан айрым учурларда жетпей да калат.
Даярдаган: Сабыр у Шумкарбек.
Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка.