2014-жылы капысынан эле күйүп кеткен мечиттин куруу иштери аяктап, сырты мрамор менен капталган мечит курулду.
Бул мечитти курууда Араб өлкөлөрүнүн жарандары, карапайым калк жана Баткенден чыккан депутат У.Кочкоров да өз салымдарын кошкон.
Имамдын айтуусунда мечитти курууда 1 миллион 400 миң акча коротулган.
Негизгиси Араб өлкөсүнөн чыккан спонсор айым бул мечитке берген акчасын өз энесинин урматына атап «Эне мээрими» деп ысым ыйгарган.
Автор: Мейликозу кызы Гүлназ