Исмаилова Бүүбүкан Үч-Коргон айыл өкмөтүндө миграция боюнча агент болуп иш алып барат.“Биздин Үч-Коргон айылында 2015-жылга карата июнь айында 423 жумушсуз айылдын тургундары кайрылышкан андан 114 аялдар. Биз келгендерди окуу менен камсыздайбыз бош жумуш орундары боюнча маалыматтарды беребиз”.
Бүүбүкан Исмаилованын айтымында ушул күндөрдө 24 айылдын тургуну тракторис,машинист окууларын аякташты. Мындан сырткары чет жактан келген жарандарга да паспортторду алганга жардам берип келишүүдө.
“Чет жактарга чыгып жумуш издеген жарандар бизге келип кайрылышкан жок. Мындай окуялар бизде кездеше элек. Эгер жумуш издегендер бизге келип катталышса биз алардын укуктарын коргой алабыз эгерде кайрылбаса аларга жардам бере албайбыз”,-дейт Исмаилова айым.
Бүбүкан айым кошумчалагандай жумуш издеп жүргөндөр болсо өздөрү миграция боюнча атайын адиске кайрылышат. Көпчүлүк учурларда айыл тургундары кайрылбастан чет жактарга чыгып алданып калган учурлар да жок эмес.
Даярдаган: Сабыр у Шумкарбек
Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка