“Биздин үйдүн маңдайында суу чоргосу бар. Ал бузулгандан бери ондоп бере албай жатаышат. Ичкенге сууну алыскы булактан ташып келебиз бизге бул кыйынчылык туудурат”, — дейт айыл тургундарынын бири.
«Суу чоргосун айыл өкмөтүндө иштеген Кочкор Халмурзаев оңдоп бериши керек. Ушул уйдо жашаган адамдар баарыбыз акча чогултуп бергенбиз ал киши оңдөп берем деп айткан», — деп билдирди Хасанова Матлюба
Айылдыктардын билдиришинче көп кабаттуу үйдүн жашоочулары жылуу суу, газ менен камсыздалбаган үйдө жашаганга аргасыз, башка жерге көчүп кеткенге да мүмкүүнчүлүтөрү жок экенин айтышат.
Көп кабаттуу үйдө жашаган айыл тургундарынын көйгөйлөрү биринин артынан бири пайда болгону ушул күнгө чейин эч бир жанды кызыктырбай келет. Бул көйгөйлөрдү чечүү максатында жашоочулар көптөгөн мекемелерге кайрылуу каттарды жазышкан бирок, ал каттар негизсиз деп табылып маселе оңуна чечилбей калган. Хасанова Матлюбанын билдиришинче, жаш балдар ойноочу жайда таштанды төгүлгөн.
«Балдарыбыз ал жерде дем алышып ар кандай оорууларга чалынышат. Атайын жаш балдар үчүн оюн аянтчасыда курулган эмес кимге кайрылганды да билбей отурабыз”, — деп кошумчалады ал.
Даярдаган: Сабыр у Шумкарбек
Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка